Абалы начарлаган Орозайым Нарматова ачкачылыкты токтотпой турганын айтат
RU

Абалы начарлаган Орозайым Нарматова ачкачылыкты токтотпой турганын айтат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Тергөө камак жайында ачкачылык жарыялаган активист Орозайым Нарматованын ден соолугу начарлады. Бул тууралуу анын жактоочусу айтып чыкты.

Айтымында, Нарматова ачкачылык кармагандан бери 4 килограмм салмак таштаган.

"Орозайым Нарматова 16- декабрда саат 14:00 чамасында эсин жоготуп жыгылды. Дарыгерлерди чакыртылып, укол сайышты. Анын башы ооруп, ашказанындагы язвасы кармап, муундары ооруп, ден соолугу кескин түрдө начарлады. Ачкачылык карманган үч сутканын ичинде Орозайым Нарматова 4 килограммга арыктады", - деген ал.

Ал эми бүгүн, 17-декабрда Акыйкатчы институтунун кызматкери 4 күндөн бери ачкачылык кармап жаткан Орозайым Нарматовадан кабар алды.

"Ага тергөө камак жайдын медициналык кызматкерлери көзөмөл кылышууда. Нарматова ачкачылыкты токтотпой турганын, ал камалышын саясий куугунтук деп эсептеп, өлкөнү бир адам башкарыш керек деген позициясын билдирди.

Анын СИЗОнун кызматкерлерине эч кандай дооматы жана арызы жок.

СИЗОнун кызматкерлери Нарматова суу эле ичип жатканын айтышты", - дешти Акыйкатчы институтунан.

Белгилей кетсек, Кемпир-Абад боюнча кармалгандардын камактагы мөөнөтү узартылгандан кийин айымдары ачкачылык жарыялашкан.

Активисттер, саясатчылардын массалык кармалышы (57 статей)
Кемпир-Абад боюнча айыпталуучулардын камактагы мөөнөтү узартылды
30 Ноябрь 2023, 09:17
Вашингтондо кыргызстандыктар элчиликтин алдына митингге чыгышты. Сүрөт
26 Октябрь 2023, 09:48
Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын үчөө үй камагына чыкты
28 Август 2023, 13:11
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9639