Укук коргоочу: 15 жаштагы кызды секс-индустрияга аралашууга мажбурлашкан
RU

Укук коргоочу: 15 жаштагы кызды секс-индустрияга аралашууга мажбурлашкан

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өлкөдө 15 жаштагы кызды секс-индустрияга аралашууга мажбурлашкан. Бул окуяга милиция чара көрбөй жатканын Oasis фондунун жетекчиси Мээрим Осмоналиева Facebook баракчасына жазып чыкты.

Укук коргоочу белгилегендей, онлайн интимдик кызмат көрсөтүү бизнесине өспүрүм кызды алдоо жолу менен тартышкан.

"Бизге өспүрүм кыздын апасы көз жашын төгүп кайрылды. Кызга героин жана башка баңгизаттарды күч менен сайып, ар кандай эркектерге, чет элдиктерге өткөрүп беришкен. Дээрлик алты ай бою аны чоң кишилер маал-маалы менен зордуктап, колдон колго өткөрүп турушкан. Бул убакыт аралыгында кыз ар кандай венерикалык ооруларга чалдыккан, тиштерин түшкөн, ар кандай сауналарда, батирлерде, особняктарда эркине каршы кармашкан", - деп айтат укук коргоочу.

Осмоналиева белгилегендей, өспүрүмдүн катышуусунда видео да тартылып, ал эл аралык порносайттарда сатылган.

"Кыздын апасы 2022-жылдын июнь айында Биринчи Май РИИБине кайрылган. Сурак учурунда кыз салондордун бардык даректерин көрсөтүп, кылмышкерлердин аты-жөнүн атаган, бардык протоколдорду жана далилдерди көрсөткөн. Соттук-медициналык экспертиза кыз системалуу түрдө зордукталган деген корутунду чыгарган, бирок корутунду апасына көрсөтүлгөн эмес. Өспүрүмдүн зордукталып жүргөнүн апасы жеке клиникада жасаткан диагноздон улам билген.

Ушул күнгө чейин тергөөчүлөр телефон чалууларга жооп беришпей, эч кандай чара көрбөй жатышат. Кылмыш иши ачыла элек. Ошол эле учурда эне менен кызды тынымсыз коркутуп-үркүтүп келишет. Жабыркаган кыз кылмышкерлер башка жаш кыздарды кармап жатканын айтат. Бул туурасында милиция билет, далилдер бар бирок жарым жылдан бери эч кандай чара көрүлбөй жатат", - деп кошумчалады Мээрим Осмоналиева.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө "кылмышкерлер жашы жете элек кыздарды өз катарына тартып, аларды 100-200 миң сомдон чет элдик кардарларга сатууну улантышууда".

"Мен ыйлап жатам... анткени өспүрүм кыз кандай венерикалык оорулар менен жабыркап жатканын көрдүм. Ал азыр баңгиге көз каранды болуп калган. Апасы менен кызга, башка балдарга боорум ооруп жатат. Сурак соцкызматкердин, жактоочунун, мыйзамдуу өкүлдүн, психологдун катышуусуз өткөн. Эмне үчүн бул дагы эле уланып жатат? Вебкам студиялардын ээлери эмне үчүн тергөөчүлөргө пара берип жатышат? Чын эле кайрадан аянтка чыгып, акыйкаттыкты талап кылуу керекпи?", – деп нааразы болду ал.

Кийинчерээк өспүрүмдүн ишин Башкы прокуратура көзөмөлгө алганы белгилүу болду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9684