Бишкекте 15тен ашык вебкам студиялар жабылды. Уюштуруучусун СИЗОго киргизишти
RU

Бишкекте 15тен ашык вебкам студиялар жабылды. Уюштуруучусун СИЗОго киргизишти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте 15тен ашык вебкам студиялар жабылды. Уюштуруучу убактылуу карммочу жайга киргизилген. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Белгиленгендей, Бишкекте кылмыштуу кирешелерди легализациялоого каршы күрөшүүнүн жүрүшүндө 15тен ашык веб -студиялар жабылып, алар он миңдеген доллар киреше алып турушкан.

"Бир гана студиянын жумалык кирешеси 90-100 миң долларга жеткен, анын 5-10% гана бул тармактын жумушчуларынын кызматына акы төлөөгө бөлүнүп келген",-деп белгилейт УКМК.

Кызмат кошумчалагандай, 3-августта жумалык төлөмдү бөлүштүрүүдө кылмыштуу топтун негизги уюштуруучулары кармалган. Жашаган жерин жана студия үчүн ижарага алынган батирлерди тинтүү учурунда, кызматкерлердин кызматына, ошондой эле компьютердик жабдууларга жана онлайн режиминде интимдик катнаш кызматын көрсөтүүгө керектүү нерселерге төлөнгөн 27000 доллар алынган.

Кылмыштуу кирешелерди адалдоого шектүү катары кылмыштын башкы уюштуруучусу П.И.

УКМК акыркы жылдары вебкамера индустриясы тездик менен күч алып, жогорку кирешелүү жаш муундарды өзүнө тартып жатканын белгиледи.

"Кыздар шантаж жана социалдык тармактарда жайылтуу коркунучу астында уюштуруучулардын барымтасына айланышат, анын ичинде бул тармакта иштеген өкүлдөргө карата суицид, зордуктоо жана башка зомбулуктар көрсөтүлөт", - деп түшүндүрүштү УКМКдан.

Атайын кызматтар мындай студиялардын уюштуруучуларынын курмандыгы болгондордун баарына анонимдүүлүккө жана коопсуздукка кепилдик беришет жана УКМКнын нөөмөт кызматына телефон аркылуу кайрылууну суранышат. 0312 66 04 75.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2909