Бишкекте чочко тумоосунан 5 жаштагы бала чарчап калганы айтылды. Адистердин жообу
RU

Бишкекте чочко тумоосунан 5 жаштагы бала чарчап калганы айтылды. Адистердин жообу

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда 5 жашар бала чарчап калды. Интернет колдонуучу Асель Суюнбаева жүрөк оорусу бар баланын абалы чочко тумоосунан улам начарлап, чарчап калганын жазып чыкты.

Саламаттыкты сактоо министрлигинен 5 жашар бала 22-декабрда ооруканага оор абалда жеткирилгенин айтышты.

"Өзгөчө штаммдын бар экендиги аныкталган эмес. Бала курч респиратордук вирустук инфекция менен жаткырылган. Баланын тубаса жүрөк оорусу болгон жана буга чейин операция жасалган. Вирустук инфекция жүрөк-кан тамыр системасынын оорлошуусуна алып келген. Бул окуя атайын комиссия тарабынан текшерилип, кошумча маалымат берилет", - дешти министрликтен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9696