Баткенде 1-класстын окуучусу ооруканада каза болду. Өлүмдүн себеби такталбай жатат
RU

Баткенде 1-класстын окуучусу ооруканада каза болду. Өлүмдүн себеби такталбай жатат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткен облусунда 1-класстын окуучусу ооруканада каза болду. Маалыматты Республикалык карантиндик жана өзгөчө коркунучтуу инфекциялар борборунун директору Сталбек Бердиев Kaktus.media сайтына тастыктады.

Айтымында, ооруканадан балага "кутурма" деген алдын ала диагноз коюлган. Бирок баланын эпидемиологиялык маалыматында жаныбарлар менен байланышы болгон эмес деп көрсөтүлөт. Маркумдун ата-энеси экспертизадан баш тартып, сөөктү алып кеткендиктен, өлүмдүн себебин аныктоо кыйын болууда.

"Баланын ата-энеси алгач Үй-бүлөлүк медициналык борборго кайрылышкан. Ал жактан окуучуга курч респиратордук вирустук инфекция (ОРВИ) диагнозу коюлуп, дарылануу рецеби жазылып, үйүнө жөнөтүлгөн. Бир нече күндөн кийин ал ооруканага түшүп, ошол жерден каза болгон. Эксперттер эпидемиологиялык корутундуда кутурма оорусунун белгилери бар экенин көрсөтүшкөн", - деди Бердиев.

Окуянын чоо-жайын тактоо үчүн ооруканага адис жөнөтүлдү.

Мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борборунун маалыматына караганда, окуучуда кутурма оорусунун белгилери болгон. Мындан улам ага кутурма оорусунун клиникалык диагнозу коюлган. Лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүүгө мүмкүн болгон эмес. Анткени бейтаптын жакындары экспертиза жүргүзүүдөн кескин баш тартышкан.

Сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9536