15 жаштагы кыздын колдон-колго өтүп зордукталышы. Иш министрликтин жеке көзөмөлүнө алынды
RU

15 жаштагы кыздын колдон-колго өтүп зордукталышы. Иш министрликтин жеке көзөмөлүнө алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

15 жаштагы кыздын бир топ убакыт бою колдон-колго өтүп зордукталышы боюнча факты ИИМдин жана Бишкек ШИИББдин жеке көзөмөлүнө алынып, тергөө амалдары башталды. Мындай маалыматты бүгүн, 23-декабрда ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

"Бул факты Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБи тарабынан Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси "Жашы жете элек баланы зордуктоо" боюнча кылмыш иши козголду. Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен шектүүлөрдүн аракеттерине тиешелүү юридикалык баа берилет", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 22-декабрда Oasis фондунун жетекчиси Мээрим Осмоналиева Facebook баракчасына вебкам бизнесине алдоо жолу менен тартылган 15 жаштагы кыздын апасынын кайрылуусун айтып чыккан. Укук коргоочу белгилегендей, өспүрүмдүн зордукталышы боюнча факты Биринчи Май РИИБине катталып, кийин жабылганын жазган.

Анын билдирүүсүнөн кийин Башкы прокуратура менен ички иштер министри Улан Ниязбеков бул окуяны тергөө кайра жанданып, жеке көзөмөлдөрүнө алары белгилүү болду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9698