Токмокто 80 жаштагы киши зордуктады деген кыздардын бири кош бойлуу болуп калган
RU

Токмокто 80 жаштагы киши зордуктады деген кыздардын бири кош бойлуу болуп калган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Токмок шаарында 80 жаштагы карыя жашы жете элек эже-сиңдини зордуктаган деп шектелүүдө. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, 19-декабрда балдар иштери боюнча инспектор ички иштер бөлүмүнүн жетекчисине арыз менен кайрылып, 12 жаштагы Г.Н. кош бойлуу экенин маалымдаган. Секелектин 8 айлык боюнда бар экени аныкталган.

Бул факты ошол эле күнү каттоого алынып, текшерүү иштери башталган. Эртеси, 20-декабрда 1987-жылы туулган Г.Р. милицияга арыз менен кайрылган. Ал 2008-жылы жана 2010-жылы туулган кыздарын 80 жаштагы Д.В. аттуу тургун алдоо жолу менен үйүнө азгырып барып, зордуктаганын айткан. Бул окуя боюнча "зордуктоо" беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Такталгандай, эки кыз тең 2022-жылдын жаз айынан бери шектүүнүн үйүн жыйноого жардам берип жүрүшкөн. Соттук-медициналык, соттук-психиатриялык жана соттук-психологиялык экспертизалар дайындалып, корутундулары даяр боло элек. Кылмыш ишинин бардык катышуучулары суракка алынган, бирок шектүү кармала элек.

Сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9700