"Үй бар" деген кагазды уулу менен көтөрүп турган киши эсиңиздеби? Ал сыйланды
RU

"Үй бар" деген кагазды уулу менен көтөрүп турган киши эсиңиздеби? Ал сыйланды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагынын тургуну Келдибек Матисаевге ыраазычылыгын билдирди. Бул туурасында президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгү маалымдайт.

Келдибек Матисаев 2022-жылдын 14-17-сентябрь күндөрү кыргыз-тажик жаңжалында чек ара айылдарынан эвакуация болгон жарандарга жардам колун сунган.

Облус башчысы Абдикарим Алимбаев өз кезегинде Келдибек Матисаевге кыйын кырдаалда жабыркаган үй-бүлөлөргө патриоттук сезимде кол сунуп, өлкөнүн бүтүндүгү, элибиздин келечеги үчүн кошкон салымы жана өз учурунда материалдык, моралдык жардам көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Ыйгарым укуктуу өкүл мындан сырткары оор кырдаалда колдоо көрсөтүп, жабыркаган үй-бүлөлөргө жардам берген ар бир кыргызстандыкка Баткен элинин жана жеке өзүнүн атынан ыраазычылыгын билдирди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9704