Кыргыз-тажик жаңжалында шейит кеткен 49 жоокердин портрети музейге коюлду
4790
Бүгүн, 23-декабрда Улуттук тарых музейине Баткен окуяларында мекен үчүн курман болгон жоокерлердин элесин түбөлүк калтыруу максатында сүрөт көргөзмө өттү.
Иш-чарага УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, Жогорку Кеңештин депутаттары, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов жана каза болгон жоокерлердин жакындары катышты.
slide 2 of 11
Камчыбек Ташиев шейит кеткен ар бир жоокер тууралуу очерк жазыларын баса белгилеп, ата-энелерине таазим кылды.
Шейит кеткен 49 жоокердин портреттери Улуттук тарых музейге өткөрүлдү.
2022-жылдын сентябрь айындагы куралдуу кагылыш тууралуу:
- 14-сентябрда саат 08:00дө тажик тарап Ворух анклавынын түштүк бөлүгүндө ок атуучу куралдарды жана миномётторду колдонуу менен куралдуу агрессия жасаган. Анын кесепетинен Баткен районунун Самаркандек айылы жабыркады.
- 15-сентябрда чек арада чыңалуу уланып, бирок абал салыштырмалуу туруктуу болгон.
- 16-сентябрда Кыргызстандын чек ара кызматы Тажикстан тараптан жаңы кол салуулар болгонун билдирген.
- 17-сентябрда Тажикстан кыргыз аймактарын аткылоосун уланткан.
- 18-сентябрда кырдаал курчуган. Жалпысынан 136 770 жаран эвакуацияланган. Куралдуу кол салуудан 63 кыргыз жараны набыт болду – 50 аскер кызматкери жана 13 жай тургун. 206 адам, анын ичинде 13 бала жабыркаган.
- 19-сентябрь улуттук Аза күтүү күнү деп жарыяланган.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/9692