Бир батирдин баасына тете. Анжеликанын жоготуп алган саатын Дубайдын полициясы таап берди
RU

Бир батирдин баасына тете. Анжеликанын жоготуп алган саатын Дубайдын полициясы таап берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ырчы Анжелика Кайратова бир жыл мурда жоготуп алган кол саатын Дубайдын полициясы кайтарып берди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышат.

Белгилүү болгондой, кол сааттын баасы 30 миң доллар турат. Ырчы саатын бир жыл мурда Дубайга болгон сапары карып, аэропортко жөнөп баратканда мейманканада унутуп кеткен. Бул убакыт аралыгында полиция кызматкерлери сааттын ээсин таап, аны менен байланышууга аракет жасашканы менен майнап болгон эмес.

Ырчынын бул жолку сапарында офицерлер саатты кайтарып беришти. Ал эми Анжелика Кайратова дагы жоготуп алдым деген кол саатын Дубайдын полициясы кайтарып бергенин айтып, кубанычын жашырган эмес.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9847