Жаңы жылда жылуу өлкөлөрдө эс алып жүргөн белгилүүлөр
RU

Жаңы жылда жылуу өлкөлөрдө эс алып жүргөн белгилүүлөр

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыш мезгили жылуу өлкөлөргө саякаттоонун бир себеби. Кээде жаңы жылды башка өлкөдөн тосуу айрымдар үчүн адатка айланып бараткандай. Бул жолу жылуу, экзотикалык өлкөлөрдө эс алып жүргөн жылдыздарды тизмектедик.

Ырчы Анжелика Кайратова кыздары менен декабрь айынын аягында Дубай шаарына жөнөп кетти. Ал эс алуу менен эле чектелбей, мекендештер менен жолугушууларды өткөрүүнү пландаган.

2023-жылды чет өлкөдөн тоскондордун бири ырчы Аско болду. Ал үй-бүлөсү, кесиптештери менен Гоа штатында жүрөт.

Аталган курорттук аймакка продюсер, D Billions тобунун, Ekarecords студиясынын негиздөөчүсү Эрнест Уметалиев үй-бүлөсү менен барды.

Ошондой эле белгилүү оператор Мирлан Саткымбаев да үй-бүлөсү менен Гоада эс алууда.

Ырчы Гүлжигит Калыков үй-бүлөсү менен Түркиянын Анталия шаарында эс алууда.

Жаңы жылдык эс алуу үчүн Анталияны тандагандардын арасында шоумен Манас Алыкулов менен жубайы бар.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9804