Мугалимдерди кемсинтип, мазактагандарды жоопко тартуу мыйзам долбоору жактырылды
RU

Мугалимдерди кемсинтип, мазактагандарды жоопко тартуу мыйзам долбоору жактырылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Парламентте мугалимдерди кемсинтип, мазактагандарды жоопкерчиликке тартуу мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда жактырылды.

Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин депутаттары Аманкан Кенжебаев жана Мирлан Самыйкожо тарабынан демилгеленген.

Сунушталган мыйзам долбоору педагогикалык кызматкерлерге карата кемсинтүү, жаман сөздөрдү айтып, адепсиз жүрүм-турумду көрсөтүп, кордоп тийишүү жана уятсыз жаңсоолорду (белгилерди) көрсөтүү түрүндө сыйлабастык мамиле үчүн жоопкерчиликти орнотуу максатында иштелип чыккан.

Мындай аракеттерди жасагандар айып пул төлөө түрүндө жоопкерчиликке тартылары буга чейин кабарланган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9899