19 жаштагы келиндин өлүмү боюнча Канттагы төрөт үйүндө тинтүү жүргүзүлдү
RU

19 жаштагы келиндин өлүмү боюнча Канттагы төрөт үйүндө тинтүү жүргүзүлдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Милиция кызматкерлери Канттагы төрөт үйүндө тинтүү жүргүзүштү. Буга 19 жаштагы келиндин өлүмү себеп болгонун Katus.media сайтына күч түзүдөрүнөн билдиришти.

Маалымдалгандай, 12-январда Токмоктун тургуну милицияга кайрылган. Ал Канттагы төрөт үйүнүн дарыгерлеринин шалаакылыгынан улам 19 жаштагы сиңдиси каза болуп калганын айтып, чара көрүүнү өтүнгөн.

Бул фактынын негизинде "Медицина же фармацевтика кызматкеринин кесиптик милдеттерин талаптагыдай аткарбоо" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Андан тышкары Канттын төрөт үйүндө тинтүү иштери жүргүзүлүп, жаңы төрөлгөн ымыркайга жана маркумга тиешелүү бардык документтер алынган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9907