13 жашында кордолгон секелектин атасы соттун чечимине нааразы. Ал Садыр Жапаровго кайрылды
RU

13 жашында кордолгон секелектин атасы соттун чечимине нааразы. Ал Садыр Жапаровго кайрылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте 13 жашында кордолгон секелектин ата-энеси президент Садыр Жапаровго кайрылуу жасашты. Алар зордуктады деп эркинен ажыратылган милиция кызматкерлеринин абактагы мөөнөтүнүн кыскартылганына караманча каршы экенин айтышып, ишти өлкө башчы көзөмөлгө алса дейт.

Жабырлануучу тарап Kaktus.kg сайтына мындай иштерге Садыр Жапаров же УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев аралашса гана адилет чечилет деген пикирин айтты.

"Бишкек шаардык сотунун чечими адилетсиз. Мен сотту акчага сатылды деген ойдомун. Анткени, соттолуучулардын жактоочулары, туугандары мага акча сунушташты. "Акча алсаң ал, албасаң биз аны сотко берип, ишти буруп коёбуз" деп ачык эле айтышты. 12-январдагы соттун чечимин укканда күнөөлүү тараптын айткандары ишке ашканына ынандым. Мындан улам президент Садыр Жапаровго кайрылып, бул ишти өз көзөмөлүнө алуусун суранам. Болбосо бизге окшогон карапайым адамдардын, жашы жете элек кыздардын укуктары тебеленип жатат. Менин эле кызыкчылыгымды коргоп бергиле дегенден алысмын, маселени акыйкаттык менен чечип беришсе деген эле өтүнүчүм бар", - деди кыздын атасы.

Жабырлануучу тарап Жогорку Сотко даттануу арызы менен кайрылабыз дейт.

"Президент, эли-журтум жардам берсе Жогорку Сот акыйкат чечим чыгарып берет деп ишенем. Учурдан пайдаланып буга чейин колдоо көрсөткөндүгү үчүн элге ыраазычылык билдирем", - деп белгиледи.

Ошондой эле кыздын ата-энеси соттолгон милиция кызматкерлеринин жакындары тарабынан кысым уланып жатканын кошумчалады.

Окуя тууралуу:

Эске салсак, 13 жаштагы кызды зордуктоо боюнча сот 2022-жылдын 8-июлунда башталган. Кылмыш 2022-жылдын февраль айында жасалган. Март айында кылмышка шектелип эки милиция кызматкери жана "Дордой" базарынын күзөтчүсү кармалган.

30-августта Свердлов райондук соту милция кызматкерлерин 15 жылга, ал эми күзөтчүнү 10 жылга эркинен ажыраткан.

2023-жылы 12-январда Бишкек шаардык соту сотунун соттук коллегиясы эки милиция кызматкерине карата райондук инстанциянын өкүмүн жокко чыгарды. Ага ылайык, соттолуучулардын бири 6 жылга, экинчиси 9 жылга эркинен ажыратылды. Үчүнчү айыпталуучу - "Дордой" базарынын күзөтчүсүнүн өкүмү күчүндө калтырылды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9920