24 жаштагы кызды өлтүрө сүзгөн айдоочуну үй камагына чыгарган судьялар үн катты
RU

24 жаштагы кызды өлтүрө сүзгөн айдоочуну үй камагына чыгарган судьялар үн катты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьялары 24 жаштагы кызды өлтүрө сүзгөн айдоочуга карата колдонулган баш коргоо чарасы боюнча түшүндүрмө беришти.

Белгилесек, милиция кызматына талапкер кызды сүзгөн айдоочу үй камагына чыккан. Буга жабырлануучу тарап нааразы болуп, коомдун талкуусуна алынган.

"Айза Уландын өлүмүнө шектүүнүн баш коргоо чарасын тандоо учурунда айыпталуучунун катуу ооруп жатканы тууралуу бардык маалымкаттар берилген. Тагыраагы, ал бөйрөктүн өнөкөт жетишсиздиги менен жабыркайт деген медициналык корутундусу болгон. Өкмөттүн токтомуна ылайык (2018-жылдагы), мындай диагноз коюлган шектүүлөр жана айыпталуучулар камакка алынбайт. Ошонун негизинде Свердлов райондук соту айыпталуучуга үй камагына алуу бөгөт чарасы тандалган", - деди судья Айза Исаева.

Ошондой эле айдоочу ден соолугуна байланыштуу 2013-жылы милициядан кетип, пенсияга чыкканын кошумчалады судья. Айтымында, 2016-жылы айыпталуучуга эки бөйрөгүн алмаштыруу боюнча операция жасалган.

"Айдоочу тергөө учурунда гана камакка алынган жок, мыйзамга ылайык, шектүү кылмыш жоопкерчилигинен кача албайт. Бүгүнкү күндө тергөө иштери жүргүзүлүп, топтолгон иш материалдары соттун кароосуна жөнөтүлөт. Анын күнөөсү иш материалдарында жана сотто далилденсе, сот аны жоопкерчиликке тартат. Бөйрөк алмаштыруу ага кылмыш жазасынан кутулууга мүмкүнчүлүк бербейт", - деди судья суроолорго жооп берип жатат.

Белгилей кетсек, 9-январда 24 жаштагы кызды айдоочу өлтүрө сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Кийин ал кармалып, ага Кылмыш-жаза Кодексинин 104 жана 312-беренелери менен айып тагылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9969