Милиция кызматына талапкер кызды өлтүрө сүзгөн айдоочу кармалды
2693
Бишкекте 24 жаштагы кызды өлтүрө сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды. Бул туурасында Республикалык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты.
Эске салсак, 9-январда болжол менен саат 07:10 чамасында, Жибек Жолу көчөсү менен Республика көчөсүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталган. Анда айдоочу 1998-жылы туулган У.А. аттуу жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден из жашырып, белгисиз тарапка качып кеткен. Кырсыктын кесепетинен жабырлануучу жеринде каза болгон.
slide 3 of 2
Белгилей кетсек, каза болгон кыз милиция кызматына талапкер болгонун ИИМдин академиясынан кабарлашкан.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/9905