Медиа коомчулук министрликтен "Азаттыкка" каршы доо арызын чакыртып алууну талап кылышты
RU

Медиа коомчулук министрликтен "Азаттыкка" каршы доо арызын чакыртып алууну талап кылышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандагы бир катар медиа уюмдар Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин "Азаттыкка" карата доо арызын чакыртып алууну талап кылышты. Медиа коомчулуктун билдирүүсүндө соттун чечими чыга электе эле министрликтин "Азаттык Медианын" жалпыга маалымдоо каражаты катары ишмердүүлүгүн токтотууну суранып сотко кайрылганы мыйзамга каршы келери айтылат.

"Жалган (анык эмес) маалыматтардан коргоо жөнүндө" мыйзам бул жерде мыйзамсыз колдонулган, себеби аталган мыйзамдын ченемдери анык эмес маалыматтарды жайылтуу маселелерин жөнгө салат. Мыйзамга ылайык, "анык эмес маалымат – бул чындыкка дал келбеген, башка адамдын ар-намысына, кадыр-баркына жана ишкер беделине шек келтирген маалымат". Министрлер Кабинети бекиткен мыйзамды ишке ашыруунун механизми жана тартиби "ар-намысыма, кадыр-баркыма же ишкер беделиме шек келтирилди, мага карата анык эмес маалыматтар таратылды" деп эсептеген жарандардын же юридикалык жактардын арызы боюнча гана сайтты бөгөттөөгө жол берет", - деп белгиленет анда.

Ал эми "Азаттык Медиага" байланыштуу иште министрликтин дарегине мындай арыз түшкөн эмес дешет медиа коомчулуктун өкүлдөрү.

"Министрликтин 2022-жылдын 24-октябрындагы катында арыз ээсин көрсөтүлгөн эмес. Мындай адам башында эле болгон эмес жана ушул кезге чейин жок. Ошондуктан Маданият министрлигинин "Азаттык Медиа" мекемесинин сайтына бөгөт коюу боюнча ыйгарым укуктары мыйзамсыз жана негизсиз колдонулган деп эсептейбиз.

Азыркы учурда жол берилген иш-аракеттери үчүн Маданият министрлиги "Азаттык Медиа" мекемесинин доосу боюнча административдик жоопкер катары өтүп жатат.

Маданият министрлигинин "Азаттык Медиа" согушту, зомбулукту жана ырайымсыздыкты, улуттук, диний обочолонууну, башка элдерди жана улуттарды жек көрүүнү насааттоого тыюу салууга тиешелүү ченемдерди бузду деген доо арызы олуттуу айыптоо болуп саналат. Себеби, насааттоо (пропаганда) куралдуу жаңжалды тутандыруу үчүн идеяларды жана көз караштарды атайылап, системалуу түрдө жайылтуу дегенди билдирет. Башка элдерге жана улуттарга жек көрүү зомбулукка, кемсинтүүгө чакырыктар менен шартталып, же кайсы бир улуттун, элдин өзгөчөлүгү жөнүндө маалыматты жайылтуу менен көрүнүшү керек. Бирок "Азаттык Медиа" редакциясы мындай маалыматты тараткан эмес, болгону эки мамлекеттин расмий мамлекеттик органдарынын маалыматтары гана айтылган.

Программанын алып баруучусу эки тараптын өкүлдөрүнөн комментарий алганы көрсөтүлгөн. Бул учурда маалымат эки тараптын жүйөлөрүн берүү менен чогултулуп, редакциянын иш-аракеттери журналисттердин кесиптик стандарттарына шайкеш келген. Ошол эле учурда тажик тараптын журналисти Тажикстандын Чек ара кызматынын басма сөз борбору даярдаган пресс-релиздеги маалыматты толугу менен окуп берген. Ал эми Кыргыз Республикасынын расмий мамлекеттик органдарынын маалыматын ушул эле программада "Азаттык Медианын" кыргыз редакциясынын журналисти жеткирген.

Мындан тышкары Тажикстандын Чек ара кызматынын басма сөз кызматы айткан маалыматка "Азаттык Медиа" редакциясы төгүндөө берген. Бул тууралуу Маданият министрлигинин өзү да ырастап, доо арызында кыргыз тараптан "Азаттык Медианын" өкүлү бул маалыматты четке какканын белгилеген. Ошондой эле Тажикстандын мамлекеттик органдарынын позициясы тууралуу маалымат биздин мамлекеттик органдарга Кыргызстандын аймагында таратылып жаткан жалган маалыматтарга ыкчам жана өз убагында жооп кайтарууга жардам бергенине көңүл буруу керек. Ички иштер министрлиги Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги таратып жаткан анык эмес маалыматты четке каккандыгы муну ырастап турат (https://www.gov.kg/ru/post/s/21937-kr-iim-tazhikstandyn-tyshky-ishter-ministrliginin-maalymaty-chyndykka-dal-kelbeyt).

Маданият министрлигинин доо арызында Тажикстан өзүнүн пресс-релизинде манипуляциянын куралы катары талкаланган үйдүн архивдик сүрөтүнө шилтеме бергени көрсөтүлгөн. Бирок фактчекингге адистешкен кыргызстандык көз карандысыз редакциялар бир катар иликтөөлөрдү чыгарып, чек аранын тегерегинде болуп жаткан окуялар боюнча жайылтылып жаткан ар кандай жалган маалыматтарды ашкерелеп чыкканына көңүлдү бурабыз.

Кыргызстандын көз карандысыз медиасы тажик тарап анык эмес маалыматтарды тараткан фактыларды, соцтармактарда троллдордун колдонулушун аныктап, Тажикстандын расмий булактары жайылткан жалган маалыматтарды ашкерелешкен .

Улуттук коопсуздукка коркунуч келген дал ушундай учурда эркин, кесипкөй, жоопкерчиликтүү мамлекеттик эмес ЖМКлардын иши өтө маанилүү. Себеби чындыкты издөө максатында кесипкөй стандарттарды сактоо берилген маалыматтарга ишенимди камсыз кылат. Ошол себептен эл аралык коомчулук биздин журналисттердин материалдарына шилтеме жасап, алар берген сүрөттөргө жана видео фактыларга ишенишет.

Министрликтин доосу негизсиз. Себеби анда "Азаттык Медиа" коом үчүн коркунучтуу кесепеттерге алып келген, мыйзамдарды системалуу түрдө бузгандыгын тастыктаган реалдуу фактылар жана негиздер келтирилген эмес.

"Азаттыктын" жабылышы ЖМКда сөз эркиндигин жана плюрализмди гана чектебестен, жарандардын маалымат алуу укугун да чектөөгө алып келет", - деп айтылат кайрылууда.

"Азаттык Медиа" мекемесинин ишин токтотуу жөнүндө доо арызын кайтарып алууну жана көз карандысыз медиага кысым көрсөтүүнү токтотууну талап кылгандар:

  • "Медиа Полиси Институту" КФ
  • Журналисттердин көз карандысыз союзу
  • "Журналисттер" КБ
  • Журналисттик иликтөөлөр фонду
  • Нурдин Дуйшенбеков, "Журналисттер" КБ
  • Медиа Консалт Фонду
  • Абдумомунов Сабыр
  • Асель Оторбаева, "24.kg" МА
  • Махинур Ниязова, "24.kg" МА
  • Factcheck.kg
  • Нургуль Абдыкеримова
  • Кайыргуль Урумканова, Govori TV
  • Дина Маслова, Kaktus.Media
  • Дмитрий Ложников, Апрель
  • Таалай Дуйшенбиев, "Некст-ТВ" телеканалы
  • "Арча Медиа" редакциясы
  • Эльмира Токтогулова
  • Динара Ошурахунова
  • Дилбар Алимова, ПолитКлиника
  • Азат Рузиев, Башта
  • Аделя Лаишева
  • Тамара Валиева
  • Марат Токоев
  • Улан Үсөйүн, Баштан Башта
  • Асель Сооронбаева
  • Даяна Данияр кызы, Т. Турсуналиева атындагы медиа мектеби, Ош ш.
  • Тынымгул Эшиева
  • Айгуль Сторожук TV1KG
  • Равшан Личаню TV1KG
  • Семетей Аманбеков, Bulak.kg
ЖМКларга болгон кысым (43 статьи)
Сот Kloop Mediaны жоюу чечимин чыгарды
10 Февраль 2024, 10:42
Камакка алынган 11 журналисттин жакындары акыйкатчыга даттанышты
26 Январь 2024, 12:49
"Соттор да күн карама өңдүү". CИЗОдогу журналист Сайпидин Султаналиев кайрылуу жасады
23 Январь 2024, 15:30
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10050