Камакка алынган 11 журналисттин жакындары акыйкатчыга даттанышты
RU

Камакка алынган 11 журналисттин жакындары акыйкатчыга даттанышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2 айга кармалган журналисттердин жакындары акыйкатчыга кайрылып, укуктары бузулуп жатышканына даттанды. Бул туурасында Акыйкатчы институтунан маалымдашат.

"17-январда сот кармалгандардын баш коргоо чарасын карап, аларды тергөө абагына которуу чечимин чыгарганына карабастан, алар ушул кезге чейин убактылуу кармоочу жайда отурушат. Бул алардын укуктарын бузууда", - деп арызданышкан алар.

Андан сырткары сот кармалгандардын баш коргоо чарасын карап жатканда жактоочулардын жүйөлөрүн эске албаганын айтышты.

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева журналисттер кармалган күндүн эртеси эле институттун кызматкерлери убактылуу кармоочу жайга барып, алардын кармоо шарттары менен таанышып, ар бир менен сүйлөшүп келгенин эске салды.

"Биз өз мандатыбыздын алкагында кармалган жарандардын укуктарынын корголушу боюнча иш алып баруудабыз. Ошондой эле алардын эмне себептен убактылуу кармоочу жайдан тергөө абагына которулбай жатканын билүү үчүн Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгына кат жолдодук", - деди акыйкатчы.

*****

Болот Темировдун командасынын мурдагы жана учурдагы журналисттери 16-январда ИИМдин Тергөө кызматына жеткирилген. 17-январда Биринчи Май райондук сотунда алардын баш коргоо чарасы тандалып, 2 айга камакка алынган.

Кармалгандарга Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин (Массалык баш аламандыктар) 3-бөлүмү (Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) менен айып тагылууда.

ЖМКларга болгон кысым (43 статьи)
Сот Kloop Mediaны жоюу чечимин чыгарды
10 Февраль 2024, 10:42
"Соттор да күн карама өңдүү". CИЗОдогу журналист Сайпидин Султаналиев кайрылуу жасады
23 Январь 2024, 15:30
"Азаттык" сайтына бөгөт коюу. Бишкек шаардык соту чечим чыгарды
31 Май 2023, 10:50
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15403