Сот Kloop Mediaны жоюу чечимин чыгарды
RU

Сот Kloop Mediaны жоюу чечимин чыгарды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Октябрь райондук соту 9-февралда Kloop басылмасын ("Клооп Медиа" коомдук фонду) жоюу чечимин чыгарды.

Юридикалык жактын жактоочусу Нурбек Сыдыков соттук отурум бир катар бузуулар менен өткөнүн белгиледи.

Юрист Акмат Алагушевдин айтымында, Россиядан келген көз карандысыз эксперттер бул иште психиатрлар экспертиза жүргүзө албай койгон деген корутунду чыгарган. Бирок психологиялык-лингвистикалык экспертиза жүргүзүлүшү керек болчу, анда психологдор тилчилер менен бирге иштеши керек эле.

Жарыш сөздө прокурор Төлөгөн Мамыркалиев "Клооп Медиа" коомдук фондун жоюп, Октябрь райондук мамлекеттик салык кызматынын кызматкерин жоюучу кылып дайындоону суранды. Анын айтымында, буга чейин эксперттер суралып, "берилген суроолорго так жооптор берилген".

Андан соң сот кеңешүү бөлмөсүнө чыгып, жарым сааттан кийин "Клооп Медиа" коомдук фондун жоюу боюнча прокуратуранын өтүнүчүн канааттандырган чечим чыгарды.

Эске салсак, былтыр 28-августта Бишкек шаарынын прокурору Kloop Media фондун жоюу боюнча арыз жазган. Прокуратуранын кайрылуусунда фонддун уставында жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишмердүүлүгү так көрсөтүлбөгөнү, Кыргызстандын Жарандык кодексинде белгиленген максаттарга туура келбеген иштерди системалуу түрдө жүргүзгөн юридикалык жактарды соттун чечими менен жоюуга жол берилери айтылган. Kloop сайты коррупциялык схемалар жана бийликтин кысымы тууралуу журналисттик иликтөөлөрдү такай жүргүзүп келген.

ЖМКларга болгон кысым (43 статьи)
Камакка алынган 11 журналисттин жакындары акыйкатчыга даттанышты
26 Январь 2024, 12:49
"Соттор да күн карама өңдүү". CИЗОдогу журналист Сайпидин Султаналиев кайрылуу жасады
23 Январь 2024, 15:30
"Азаттык" сайтына бөгөт коюу. Бишкек шаардык соту чечим чыгарды
31 Май 2023, 10:50
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15518