24 жаштагы Айза Уландын өлүмүнө шектүү үй камагында калтырылды
RU

24 жаштагы Айза Уландын өлүмүнө шектүү үй камагында калтырылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 26-январда Бишкек шаардык сотунда ИИМдин академиясынын угуучусу Айза Уландын өлүмүнө шектүүнүн бөгөт чарасы каралды. Шаардык соттон кабарлашкандай, шектүү үй камагында калтырылды.

Сотто айыпталып жаткан У.Н.А`нын саламаттыгы боюнча соттук-медициналык экспертизанын корутундусун жактоочусу көрсөттү. Анда айдоочунун өнөкөткө айланган оор дарттары бар экени айтылган. Мындан улам аны камакта калтырууга мүмкүн эместиги көрсөтүлгөн.

Белгилей кетсек, 24 жаштагы Айза Улан 9-январда жолдон өтүп бара жатканда айдоочу сүзүп, каза тапкан. Кийин айдоочу кармалып, үй камагына чыгарылган. Жабырлануучу тарап айдоочунун үй камагына чыгышына каршы болушкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10080