Россия жардам иретинде Кыргызстанга Ми-8 тик учагын жана өрт өчүрүүчү унааларды берет
RU

Россия жардам иретинде Кыргызстанга Ми-8 тик учагын жана өрт өчүрүүчү унааларды берет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 1-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигине, Саламаттыкты сактоо министрлигине жана Бишкек шаардык мэриясына жаңы адистештирилген техникалар тапшырылды.

Иш-чарага президент Садыр Жапаров катышып, жаңы техникаларды көрүп чыгып, алардын тактикалык жана техникалык мүнөздөмөлөрү менен таанышты.

Өз сөзүндө өлкө башчы жакында дагы өрт өчүрүүчү техника жана тик учак келерин белгиледи.

"Өзүңүздөр күбө болгондой, бүгүнкү тапшырылып жаткан 100 даана өрт өчүрүүчү унаадан сырткары, жакында эле заманбап 2 тик учак, 58 өрт өчүрүүчү унаа, 81 инженердик техника жана 34 ар түрдүү техника сатып алганбыз. Жакында Россиядан 20 миллион долларга жакын суммага жардам иретинде 40 өрт өчүрүүчү техника жана бир Ми-8 тик учагы келет. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жакынкы 15-20 жылга керектүү техника менен камсыз болот", - деди ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10153