Алтын чуусу боюнча Жапаров: Бир грамм да уурдалбасына депутаттык комиссиянын көздөрү жетти
RU

Алтын чуусу боюнча Жапаров: Бир грамм да уурдалбасына депутаттык комиссиянын көздөрү жетти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Кыргызстандан 19 тонна алтын уурдалыптыр" деген сөз ырасталган эмес. Бул туурасында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Кабар" маалымат агенттигине маек бергенде айтты.

Белгилесек, январь айында алтын чуусу боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын мүчөлөрү Акылбек Жапаров менен чогуу "Кумтөр" кенине барышкан. Ошондо депутаттардын алтын уурдалбаганына көздөрү жеткенин дейт.

"Мындай жоопкерчиликсиз сөздү Адахан Мадумаров айтып чыкканы эсимде. Ошол замат эле президентибиз: "Депутаттык комиссия түзгүлө. Башына Мадумаровдун өзүн койгула. Барып текшерип келип, жыйынтыгын элге жарыяласын" деген сунушун киргизген. Комиссия түзүлгөн. Бирок Мадумаров комиссиянын башына туруштан баш тарткан. Андан кийин Исхак Масалиевди коюшкан. Кийинчерээк ал дагы баш тартты. Андан кийин Арсланбек Маалиевди коюшту. Ошондон кийин барып текшерип көрүшүп, бир грамм алтын уурдалбасына көздөрү жетти".

Ал эми Адахан Мадумаров менен Исхак Масалиевдин комиссияны жетектөөдөн баш тартканы боюнча "жоопкерчиликти сезбеген саясатчылар ушундай болот" деди.

"Элге жакшы көрүнүш үчүн балп дедиртип жалганды айтып коё беришет. Жоопкерчиликти унутуп коюшат. Сотко берсең жоопко тартылышат. Анан "саясий куугунтук болуп жатат" деп кыйкырып чыгышат. Бизде тилекке каршы, ушундай көрүнүш калыптанып калган. Ошол үчүн саясатчылар жалган айтканды токтотсо жакшы болмок", - дейт Жапаров.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10505