Алтын чуусу боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия "Кумтөргө" барышты
RU

Алтын чуусу боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия "Кумтөргө" барышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун Кыргызстандын менчигине өткөндөн берки ишин, алтындын казып алынышын жана сатылышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын мүчөлөрү Акылбек Жапаров менен биргеликте Ысык-Көл облусундагы "Кумтөр" кенине барышты. Бул туурасында Министрлер кабинетинин маалыматында айтылат.

Иш сапардын жүрүшүндө алар негизги карьердин, Петров көлүнүн, калдык сактоочу жайлардын абалы менен таанышып, ошондой эле алтынды бөлүп алуу фабрикасында болушту.

Эл өкүлдөрүнө ишканада жүргүзүлүп жаткан иштер, өндүрүштөгү абалды реалдуу убакыт режиминде көзөмөлдөөчү жана алтынды өндүрүүнүн технологиялык чынжырчасынан уурдоо, алтынды кенден тышкары уруксатсыз алып чыгуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган коопсуздук жана көзөмөл системасы тууралуу маалымат берилди.

"Алтындын ар бир граммы көзөмөлдө", - деп белгиледи ишкананын жетекчилиги.

2022-жылы алтынды бөлүп чыгаруучу фабрика 17,3 тонна алтын өндүргөн. 2023-жылга 14 тонна алтын өндүрүү планы коюлган.

Белгилесек, Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, 2021-жылы Кыргызстандан 19,2 тонна алтын белгисиз өлкөгө чыгарылган. Мындан улам депутаттык комиссия түзүлгөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10126