Акылбек Жапаров Улуттук банкта канча алтын жана күмүш бар экенин айтты
RU

Акылбек Жапаров Улуттук банкта канча алтын жана күмүш бар экенин айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапапов "Кумтөрдө" канча алтын, күмуш бар экенин айтты. Ал "Кабар" маалымат агенттигине берген маегинде тышкы карызды төлөөнүн шарттарына да токтолду.

"2021-жылы президентибиз "Кумтөрдү" алдык, мындан ары Кумтөрдүн алтыны кыргыз мамлекетинин пайдасына иштейт" деп жар салганда, айрым сабаттуу депутаттар: "Бул эч качан ишке ашпайт. Эл аралык соттон утулабыз. Миллиарддаган долларга жыгылабыз. Сабатсыздар Кумтөрдү мыйзамсыз алды. Ит эле болобуз" деп кыйкырып чыккан.

Ит болбой эле алып койдук. Ошондон бери "Кумтөрдүн" алтыны чогулуп жатат. Бүгүн 45 тонна алтын, 8 тонна күмүш чогулду.

Мен 90-чу жылдардан бери саясатта жүрөм. Бирок буга чейин мындай жемиштүү иш болгон эмес. Эки жылда эле 45 тонна алтын, 8 тонна күмүш чогулта алдык. Азыр Улуттук банкта жатат. Кечээ жакында депутаттарды алып барып көрсөтүп чыктым", - деди ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10504