Кемпир-Абад боюнча камакта отурган активист Жогорку Соттун төрагасын отурумга чакырды
RU

Кемпир-Абад боюнча камакта отурган активист Жогорку Соттун төрагасын отурумга чакырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кемпир-Абад маселесине байланыштуу камакта отурган активист Эрлан Бекчоро уулу Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбаевге кат жолдоду. Жогорку Соттун төрагасын соттук отурумга катышууга чакырган катты активисттин жубайы Шаршекүл Аманова бүгүн, 28-февралда Facebook баракчасына жарыялады.

Катта активист Кемпир-Абад боюнча кармалгандардын атынан сотту, тергөөчүлөрдү мыйзам талаасына чакырды.

"Буга чейин 5 жолу соттук отурумда тергөө кызматкерлери тарабынан одоно мыйзам бузуулар болуп жатканына жактоочулар аркылуу өтүнүч келтирилип, натыйжа чыкпай келет. Сиздин ишеним арткан шаардык, райондук соттогу кадрларыңыз биздин мыйзамдуу үнүбүздү уккан жок. Сиз Жогорку Кеңештин отурумунда соттор көз каранды болуп жатканын, алыңыз жетпей жатканын мойнуңузга алдыңыз эле. Келиңиз, биз сизге жардам берели. Биздин бөгөт чарабызды караган шаардык сотко сизди чакырабыз. Ошол жерден сиздин кадрлар сизди сыйлабастыгын " реформа кылам" деген мээнетиңиз кандай тебеленип жатканын көрөсүз жана соттор алдында кадырыңыз канча экени даана билинет" - деп жазылган катта.

Активисттин катына Жогоку Соттун төрагасы реакция кылды. Анда тергөө органдарынын мыйзамдарды сактоосун Башкы прокуратура көзөмөлгө алары айтылган.

"Замирбек Базарбеков эмоцияга жана мыйзамдуулукка үндөгөн чакырыкка түшүнүү менен мамиле кылат",-деп билдирди Жогорку Соттон.

Маалым болгондой, Эрлан Бекчоро уулуна карата ички иштер органдары тарабынан сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат. Тергөө органдарынын мыйзамдарды сактоосуна көзөмөлдү Кыргыз Республикасынын прокуратурасы ишке ашырат.

"Ошондой эле, баш коргоо чарасын тандоодо соттор айыпталуучунун күнөөсүн аныкташпайт. Арызда көрсөтүлгөн бардык мыйзам бузууларга иш сот тарабынан тиешелүү юридикалык баа берилет",-деп айтылат маалыматта.

Активисттер, саясатчылардын массалык кармалышы (58 статей)
Прокурорлор Кемпир-Абад иши боюнча айыпталуучуларды 20 жылга эркинен ажыратуу сурады
10 Июнь 2024, 14:34
Кемпир-Абад боюнча айыпталуучулардын камактагы мөөнөтү узартылды
30 Ноябрь 2023, 09:17
Вашингтондо кыргызстандыктар элчиликтин алдына митингге чыгышты. Сүрөт
26 Октябрь 2023, 09:48
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10566