Вашингтондо кыргызстандыктар элчиликтин алдына митингге чыгышты. Сүрөт
RU

Вашингтондо кыргызстандыктар элчиликтин алдына митингге чыгышты. Сүрөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

АКШнын Вашингтон шаарында кыргызстандыктар Кыргызстандын элчилигинин алдына митингге чыгышты. Бул туурасында Kaktus.media сайтына Равшан Жээнбековдун уулу Азат Равшан билдирди.

Айтымында, акцияга чыккан 20дан ашык адам Кыргызстандагы саясий туткундарды, анын ичинде Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандарды бошотууну талап кылышкан. Алар учурда абакта жаткан активисттердин сүрөттөрүн жана аларды бошотуу талабы жазылган плакаттары менен чыгышкан.

Айдар Раев аттуу колдонуучу X социалдык тармактагы баракчасына митингчилер талаптарын Кыргызстандын АКШдагы элчиси Бактыбек Аманбаев аркылуу жеткирүүнү каалашкан. Алар элчиликтин имаратына киришкен, бирок элчи митингчилердин айтымында, дипломатсыздыгын көрсөткөн. Ошондой эле мекендештерден акцияны токтотууну жана элчиликтин жанынан кетүүнү талап кылган.

Активисттер, саясатчылардын массалык кармалышы (57 статей)
Кемпир-Абад боюнча айыпталуучулардын камактагы мөөнөтү узартылды
30 Ноябрь 2023, 09:17
Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын үчөө үй камагына чыкты
28 Август 2023, 13:11
Кемпир-Абад иши. Камактагылар мөөнөтсүз ачкачылык жарыялашты
22 Август 2023, 09:26
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14809