Прокурорлор Кемпир-Абад иши боюнча айыпталуучуларды 20 жылга эркинен ажыратуу сурады
RU

Прокурорлор Кемпир-Абад иши боюнча айыпталуучуларды 20 жылга эркинен ажыратуу сурады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 10-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Кемпир-Абад иши боюнча отурум уланды.

Сот залында жарыш сөзгө чыккан прокурорлор кылмыш ишиндеги бардык айыпталуучуларды күнөөлүү деп таап, үй-мүлкүн конфискациялоо менен 20 жылга эркинен ажыратууну сурады.

Эске салсак, 2022-жылдын октябрь айында Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо боюнча комитет түзүлгөн. Андан кийин дароо эле "массалык баш аламандыкка даярдык көргөн" деген жүйө менен массалык камакка алуулар болгон.

Кемпир-Абад иши менен айыпталгандар:

  • Мамбетжунус Абылов - үй камагында;
  • Акылбек Айтбаев - үй камагында;
  • Айданбек Акматов - СИЗОдо.
  • Нурлан Асанбеков - үй камагында;
  • Бектур Асанов - эч жакка чыкпоо тил каты менен СИЗОдон бошотулган;
  • Марат Баязов - СИЗОдо;
  • Атай Бейшенбек - үй камагында;
  • Азимбек Бекназаров - СИЗОдо;
  • Эрлан Бекчороев - үй камагында;
  • Айбек Бузурманкулов - СИЗОдо;
  • Гүлнара Журабаева - үй камагында;
  • Кеңешбек Дуйшебаев - үй камагында;
  • Равшан Жээнбеков - СИЗОдо;
  • Кубанычбек Кадыров - үй камагында;
  • Рита Карасартова - үй камагында;
  • Чыңгыз Капаров - үй камагында;
  • Таалайбек Мадеминов - үй камагында;
  • Улукбек Маматаев - үй камагында;
  • Темир Махмудов - СИЗОдо, ушул жылдын 3-февралында кармалган;
  • Жеңиш Молдокматов - СИЗОдо;
  • Орозайым Нарматова - иши өзүнчө өндүрүшкө алынган;
  • Асия Сасыкбаева - үй камагында;
  • Клара Сооронкулова - үй камагында;
  • Перизат Суранова - үй камагында;
  • Али Шабдан - үй камагы, кошумча айып тагылган;
  • Илгиз Шаменов - СИЗОдо, жаңы айыптар тагылган;
  • Талант Эшалиев - үй камагында болгон, кийин иши өзүнчө өндүрүшкө алынган.
Активисттер, саясатчылардын массалык кармалышы (58 статей)
Кемпир-Абад боюнча айыпталуучулардын камактагы мөөнөтү узартылды
30 Ноябрь 2023, 09:17
Вашингтондо кыргызстандыктар элчиликтин алдына митингге чыгышты. Сүрөт
26 Октябрь 2023, 09:48
Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын үчөө үй камагына чыкты
28 Август 2023, 13:11
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16338