Коомдук транспортко болгон жол киренин баасы этап-этабы менен көтөрүлөт. Бирок азыр эмес
RU

Коомдук транспортко болгон жол киренин баасы этап-этабы менен көтөрүлөт. Бирок азыр эмес

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мэрия коомдук траспортко болгон жол кирени көтөрүү баскыч менен ишке ашырат. Буга ылайык, калаа жетекчилиги коомдук транспорттогу жол кирени көтөрүү боюнча долбоорду чакыртып алды. Бул тууралуу борбор калаанын башчысы Эмилбек Абдыкадыров маалымат жыйында билдирди.

"Муниципалитет бул маселеге азырынча кайрылбайт. Бирок баалар көтөрүлсө этап-этабы менен ишке ашат. Себеби элге кыйынчылык туудурбаш керек", - деди ал

Анын айтымында, жол кирени нак жана нак эмес төлөө идеясы калат. Тагыраагы, карта менен 11, ал эми нак болсо 15 сом деп айтылган.

Буга чейин мэрия коомдук транспорттун жол киресин кымбаттатуу боюнча маселе көтөргөн эле. Анда төмөнкү баалар айтылган:

  • троллейбус, автобустар - 15 сом;
  • маршруткалар: саат 6:00 - 20:30 арасы - 21 сом, саат 20:30 - 06:00 арасы - 32.
  • экспресс-маршруткалар: № 233, 234 - 22 сом; № 123, 226, 252 - 32 сом.
Жаңы тарифтер (12 статей)
Кыргызстанда электр энергиясынын баасы дагы көтөрүлөт
19 Март 2024, 10:55
Январдан баштап жол кире 20 сом болот. Жаңы тариф кимдерге таасир этпейт?
28 Декабрь 2023, 14:26
Накталай 20 сом. Коомдук транспорттордо жол кире көтөрүлөт
27 Декабрь 2023, 13:36
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10585