Мэрия 2023-жылы Бишкекке 3 мектеп жана 12 бала бакча курат
RU

Мэрия 2023-жылы Бишкекке 3 мектеп жана 12 бала бакча курат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мэрия 2023-жылы Бишкекке 3 мектеп жана 12 бала бакча курууну пландоодо. Бул тууралуу Бишкек шаарынын башчысы Эмилбек Абдыкадыров маалымат жыйында билдирди.

Жыйында калаа башчысына буга чейин президент айткан 2024-жылдан тарта мектептерди курууну токтотуу маселеси боюнча суроо узатылды.

Эмилбек Абдыкадыров белгилегендей, мектеп менен камсыз кылуу маселеси дагы эле актуалдуу.

"Мектептерди куруу керек, биз токтотобуз деп эч ким айтпайт. Мектептерди куруп жатканыбызда шаардыктар бала бакчаларга көңүл буруп, куруп бергиле деп суранышкан. Быйылкы жылы 12 бала бакча, 1 мектеп курууну пландап жатабыз, дагы бирөөнү россиялык фонддун эсебинен, дагы биринин долбоору бар",- деди ал.

Мэр Бишкекке дагы 15 мектеп курулса, анда бардык мектептер эки нөөмөт менен гана окуй аларын кошумчалады.

Эмилбек Абдыкадыров кошумчалагандай, борбордо дагы 23 түрдүү социалдык объектилер бүтпөй калган. "Биз аларды аягына чыгарышыбыз керек" деди ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10582