ММК жөнүндө мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыгуу мөөнөтү май айына чейин узартылды
RU

ММК жөнүндө мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыгуу мөөнөтү май айына чейин узартылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

ММК жөнүндө жаңы мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыгуу мөөнөтү 2023-жылдын 15-майына чейин узартылды. Бул тууралуу президенттин администрациясы берген документте айтылат.

Буга чейин мөөнөт 1-мартка чейин жылдырылган.

Белгилей кетсек, 21-февралда көз карандысыз юристтер, журналисттер, эксперттер жана Президенттин Администрациясынын мүчөлөрү түзүлгөн жумушчу топтун мүчөлөрү долбоорго карата өздөрүнүн сын-пикирлерин жана сунуштарын беришкен.

Эске салсак, Президенттин Администрациясы 28-жылдын 2022-сентябрында "ММК жөнүндө"жаңы мыйзам долбоорун жарыялаган.

2022-жылдын 7-декабрында эксперттер тарабынан бир топ сын-пикирлер айтылгандан кийин президент Садыр Жапаров медиасектордун өкүлдөрү кирген мыйзам долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүү жөнүндө буйрукка кол койгон. Жумушчу топтун жетекчиси болуп президенттин жана министрлер кабинетинин укуктук камсыздоо башкармалыгынын башчысы Мурат Укушов дайындалган.

2022-жылдын декабрь айынын аягында жумушчу топтун биринчи отуруму болуп, анда протоколдук маселелер талкууланган.

Укушов 30-декабрга чейин жумушчу топко жаңы документ берүүгө убада берген. Бирок февраль айынын аягында экинчи варианты менен жумушчу топту тааныштырган эмес. Бирок ал үчүнчү вариантын даярдалганы тууралуу маалымат менен бөлүшкөн.

ЖМКларга болгон кысым (43 статьи)
Сот Kloop Mediaны жоюу чечимин чыгарды
10 Февраль 2024, 10:42
Камакка алынган 11 журналисттин жакындары акыйкатчыга даттанышты
26 Январь 2024, 12:49
"Соттор да күн карама өңдүү". CИЗОдогу журналист Сайпидин Султаналиев кайрылуу жасады
23 Январь 2024, 15:30
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10666