"Тынч эле Канадага кетүүгө даярмын". Тенгиз Бөлтүрүк президенттен кечирим сурады
RU

"Тынч эле Канадага кетүүгө даярмын". Тенгиз Бөлтүрүк президенттен кечирим сурады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Кумтөрдүн" жана "Улуу көчмөндөрдүн мурасы" улуттук холдингинин мурдагы жетекчиси Тенгиз Бөлтүрүк президент Садыр Жапаровго кат жазды. Анын кайрылуу катын жактоочусу Кайсын Абакиров социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

Тенгиз Бөлтүрүк ага жүктөлгөн милдеттерди аткарбай, үмүтүн актабаганы үчүн өлкө башчыдан кечирим сураган.

"Сизден кечирим сурайм жана ырайым кылууну суранам. Аптасына 75-80 саат иштесем да, "Кумтөрдүн", улуттук холдингдин иштерин, кызматкерлерин көзөмөлдөгөнгө жалгыз үлгүрбөдүм.

20 жылдан ашык "Кумтөрдө" терең жана жакшы уюштурулган коррупциялык схемаларды жойгонго жалгыз алым жетпеди.

Мен үчүн бул турмуштук чоң сабак болду. Бирок мен сизге сөз бергендей, коррупциялык схемаларга аралашып, пара алган жокмкн. Сиздин абийириңизди түшүрүп же саткынчылык кылып уятка калтырган жокмун жана калтырбайм. Азыр сиз гана менин адилеттикке жана ырайымдуулукка үмүтүмсүз, ишеничимсиз. Эгерде мага дагы деле ишенсеңиз жардам берүүгө даярмын. Колумдан көп, чоң жакшы иштер келет.

Өкмөттөгү кимдир-бирөөгө тоскоолдук кылып жатсам анда тынч эле Канадага кетүүгө даярмын", - деп айтылат катта.

Белгилей кетсек, "Кумтөрдүн" мурдагы убактылуу жетекчиси Тенгиз Бөлтүрүктүн жактоочусу Кайсын Абакиров каралоого аракет болуп жатканын билдирген.

Эске салсак, Министрлер кабинети холдингди жоюу чечимин кабыл алган. Ал эми Тенгиз Бөлтүрүк учурда коррупция боюнча айыпталып, абакта отурат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10529