Тенгиз Бөлтүрүк "Кумтөрдөн" канча айлык жана сый акы алган? Эсеп палатасынын отчёту
RU

Тенгиз Бөлтүрүк "Кумтөрдөн" канча айлык жана сый акы алган? Эсеп палатасынын отчёту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Эсептөө палатасы "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун убактылуу тышкы башкаруу мезгилиндеги финансылык ишмердүүлүгүн талдады. Мекеменин отчётунда "Кумтөрдүн" 2021-жылга карата штаттык кызматкерлеринин саны 2 928 адамды түзсө, анын 166сы административдик жана башкаруучу персонал экени айтылат.

2022-жылдын 1-апрелинде "Улуу көчмөндөрдүн мурасы" холдингинин жетекчиси Тенгиз Бөлтүрүк "Кумтөрдүн" убактылуу тышкы башкарчуусу катары штаттык кызматкерлердин санын 4028 адамга көбөйткөн. Докладда штаттын негизсиз көбөйтүлгөнү айтылат.

2022-жылдын 17-майында Тенгиз Бөлтүрүк "Кумтөрдүн" убактылуу тышкы башкаруучусуна, башкача айтканда, өзүнө сый акы белгилөө жөнүндө буйрук чыгарган. Сыйлыктын өлчөмү "Кумтөрдүн" президентинин айлык акысына барабар болууга тийиш деп көрсөтүлгөн. 2021-жылы компаниянын президенти Деон Баденхорст айына 36,7 миң доллар алган.

Эсеп палатасынын отчётунан көрүнүп тургандай, 2021-жылдын августунда Тенгиз Бөлтүрүк сый акынын өлчөмүн 40 миң долларга чейин өзгөрткөн, ошол эле учурда убактылуу жетекчинин эмгек акысын жогорулатуу чечимин тастыктоочу документтери болгон эмес. Тенгиз Бөлтүрүктүн 2021-жылдын майынан 2022-жылдын февралына чейинки алган сый акысынын жалпы суммасы 473,2 миң АКШ долларын түзгөн. 2021-жылдын 21-декабрында тышкы башкаруучу өзүнө 55 миң доллар өлчөмүндө сый акы белгилеген.

2022-жылдын 11-февралында Тенгиз Бөлтүрүк "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомун убактылуу сырткы башкаруучусу кызматынан бошотулат. Компаниянын убактылуу тышкы башкаруучусу болуп "Улуу көчмөндөрдүн мурасы" холдинги дайындалат.

Бирок Бөлтүрүк "Кумтөрдүн" менеджери болбой калса да компаниядан айлык ала берген.

Аудиторлор Эмгек кодексине ылайык, бул негизсиз төлөмдөр экенин белгилешет. Алардын эсеби боюнча, 2022-жылдын февраль айынан июнь айына чейин Тенгиз Бөлтүрүк 319 миң 600 миң доллар акча алган. Андан сырткары 2022-жылдын январында ага 110,7 миң доллар сый акы (сый акыга кошумча) эсептелген.

Текшерүүдө аудиторлор кызматкерлердин эмгек өргүүсүн эсептөөдө да каталар кеткенин белгилешкен. Маселен, Б.Д.га 184 миң сом чегерилиши керек болгон, бирок 165 миң сом чегерилген. Ал эми А.А.га 103 миң сомдун ордуна 123 миң сом чегерилген. Мындай учурлар көп.

Аудиторлор эмгек акыны эсептөөдө мыйзам бузуулар болгон деп эсептешет. Документтерден көрүнүп тургандай, жергиликтүү кызматкерлердин эмгек акысын ишкананын бухгалтериясы, ал эми чет элдик кызматкерлердин айлыгын өзүнчө жалданган "Бейкер Тилли Бишкек" (сырттан башкаруу учурунда 25 миллион сомго жакын акча алган) ишканасы төлөп берген.

Эсеп палатасы компанияга эсепсиз жана негизсиз штаттык тизмени өзгөртүү практикасын токтотууну, "Бейкер Тилли Бишкек" менен келишимди бузууну, ошондой эле Тенгиз Бөлтүрүктүн 320 миллион доллар боюнча жоопкерчилигин кароону сунуштайт.

Белгилей кетсек, "Кумтөрдүн" мурдагы убактылуу жетекчиси Тенгиз Бөлтүрүктүн жактоочусу Кайсын Абакиров каралоого аракет болуп жатканын билдирген.

Эске салсак, Министрлер кабинети холдингди жоюу чечимин кабыл алган. Ал эми Тенгиз Бөлтүрүк учурда коррупция боюнча айыпталып, абакта отурат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10215