"Акыркы мүмкүнчүлүгүбүз". Милициялар тарабынан кордолгон кыздын ата-энеси кайрылуу жасады
RU

"Акыркы мүмкүнчүлүгүбүз". Милициялар тарабынан кордолгон кыздын ата-энеси кайрылуу жасады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

13 жашында милициялар тарабынан кордолгон кыздын ата-энеси Kaktus.kgге кайрылышты. Алар шаардык соттун чечими боюнча кийинки аптада Жогорку Сотто отурум болорун, президент менен УКМКнын төрагасы адилеттүү чечимди камсыздап берүүсүн өтүнүч келтиришти.

"Бул биздин акыркы мүмкүнчүлүгүбүз. Буга чейинки чечимдерди адилетсиз деп эсептейбиз. Ошондуктан биз Садыр Жапаровдон, Камчыбек Ташиевден, элден колдоо көрсөтүүсүн суранабыз", - дешет ата-эне.

Жабырлануучу тараптын жактоочусу белгилегендей, официант жана милиция кызматкерлери боюнча чыккан өкүмдөр өз-өзүнчө каралат

Окуя тууралуу:

Эске салсак, 13 жаштагы кызды зордуктоо боюнча сот 2022-жылдын 8-июлунда башталган. Кылмыш 2022-жылдын февраль айында жасалган. Март айында кылмышка шектелип эки милиция кызматкери жана "Дордой" базарынын күзөтчүсү кармалган.

30-августта Свердлов райондук соту милция кызматкерлерин 15 жылга, ал эми күзөтчүнү 10 жылга эркинен ажыраткан.

2023-жылы 12-январда Бишкек шаардык сотунун чечими менен милиция кызматкерлеринин бири 9, экинчиси 6 жыл жаза өтөмөй болушкан. Буга жабырлануучу тарап нааразы болушкан.

Сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10092