Бардык сайттарды Юстиция министрлигинен каттоодон өткөрүү сунушталып жатат
RU

Бардык сайттарды Юстиция министрлигинен каттоодон өткөрүү сунушталып жатат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президенттик аппарат жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнөн түзүлгөн жумушчу топтун мүчөлөрү өз сунуштарын айткандан кийин даярдалган "Массалык маалымат каражаттары жөнүндө" мыйзам долбоорунун төртүнчү вариантын сунуштады.

Бирок медиа тармагынын негизги сунуштары эске алынган жок - алар болгону мыйзам долбооруна анча-мынча түзөтүүлөрдү киргизүүгө макул болушту. Долбоор толукталып бүткөндөн кийин, коомдук талкууга коюлат.

"Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө" мыйзам долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун мүчөлөрүнүн айтымында, президенттик аппарат анча маанилүү эмес түзөтүүлөрдү кабыл алып, бирок сөз эркиндигинин абалына критикалык таасирин тийгизген жана көз карандысыз маалымат каражаттарынын ишмердүүлүгүнө олуттуу таасир этүүчү нормаларды калтырган. Буга ылайык, мыйзамдын төмөнкү ченемдери сакталды:

  • бардык веб-сайттар Юстиция министрлигинен онлайн жалпыга маалымдоо каражаттары катары каттоодон өтүшү керек;
  • маалыматты таркатуу аймагын, темаларын, маалыматты таратуунун убагы, максималдуу көлөмүн, каржылоо булактарын көрсөтүүнү камтыган каттоо үчүн тизмеге талаптар калтырылды;
  • каттоодон баш тартуунун себептери калтырылган. Анын ичинде "массалык маалымат каражаттарынын эркиндигин кыянаттык менен пайдалануу" деген түшүнүк да бар.

Эмне үчүн бийлик сайттарды Юстиция министрлигинен каттоодон өткөрүүнү чечти?

Концепцияда эмне үчүн бардык веб-сайттарды ЖМКга теңеп, журналисттер менен бирдей жоопкерчилик тартышы керектиги түшүнүксүз.

Президенттик аппарат "Массалык маалымат каражаттарынын" курамына гезит, радио жана телевидениеден тышкары веб-сайттар киргизип жатканын эске алсак, каттоо бардык сайт ээлерине тиешелүү болот.

Ошондой эле "социалдык тармактагы массалык маалымат баракчалар" түшүнүгү киргизилет. Мыйзамдын сунушталып жаткан редакциясында төмөнкүчө жазылган:

Социалдык тармактагы массалык маалымат каражаттар - атайын аппараттык-программалык каражаттардын жардамы менен даярдалган, электрондук санариптик формада массалык маалыматты жайылтуу үчүн арналган платформа. Туруктуу аталышы, учурдагы номери бар жана жарым жылда бир жолудан кем эмес жаңыланып турган электрондук басылма.

Сайт ээлери Юстиция министрлигине эмнени тапшырышы керек?

Мыйзам долбоору кабыл алынган учурда Юстиция министрлигинен күбөлүк алуу үчүн жалпыга маалымдоо каражатын каттоо жөнүндө арызда төмөнкүлөр көрсөтүлүшү керек:

  • менчик ээси (негиздөөчүсү, тең уюштуруучулары) жөнүндө маалыматтар;
  • жалпыга маалымдоо каражаттарынын аталышы (аты);
  • массалык маалыматты таратуу тили (тилдери);
  • редакциянын дареги;
  • массалык маалыматты мезгил-мезгили менен таратуунун формасы;
  • маалыматты жайылтуу үчүн сунушталган аймак;
  • болжолдуу темалар жана (же) адистиктер;
  • чыгаруунун күтүлгөн мезгилдүүлүгү, жалпыга маалымдоо каражаттарынын максималдуу көлөмү;
  • каржылоо булактары;
  • өтүнмө ээси кайсы башка жалпыга маалымдоо каражаттарына карата уюштуруучу, менчик ээси, башкы редактору (редактору), басып чыгаруучу же таркатуучу экендиги жөнүндө маалымат;
  • интернеттин маалыматтык-телекоммуникациялык тармагындагы WEB-сайттын домендик аталышы.

Президенттик администрация дагы мындай документтердин пакети эмне үчүн керек экенин түшүндүрбөй эле аны талап кылууда.

Анда документтердин пакетине арыз берүүчүнүн ЖМКны түзүүдө мыйзамда белгиленген талаптарга жооп бергенин ырастоочу документтер тиркелиши керектиги белгиленген.

Жумушчу топ айрым мыйзамдарга ылайык келген кошумча документтер тууралуу бүдөмүк эреженин ордуна талаптардын так тизмеси көрсөтүлүшү керек. Ошондуктан, бул талап суроо жаратып жатат.

Эмне үчүн сайт ээлерин минитсрлик каттоодон өткөрбөй коюшу мүмкүн?

Басылманы каттоодон баш тартуу жөнүндөгү мыйзамдын редакциясында "Жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндигинен кыянаттык менен пайдаланган" учурда баш тартуу түшүнүгү калган. Ал эми бул эмне экенин, кыянаттык үчүн кандай критерийлер бар экенине дагы эч кандай түшүндүрмө берилген эмес.

Юстиция министрлиги буга чейин "кыянаттык" деген сөздү ачыкка чыгаруу керектигин, анткени бул юридикалык белгисиздикти жаратышы мүмкүн экенин белгилеген. Анда Конституцияда жана мыйзамдарда тыюу салынгандан башка ар бир адамдын ар кандай аракеттерди жасоо укугуна Баш мыйзам кепилдик берери айтылган. Буга ылайык, ведомство "сөз эркиндигин кыянаттык менен пайдалануу" деген беренени толугу менен кайра карап чыгууну сунуштаган. Бирок, президенттик администрациянын мыйзам долбоорунун акыркы вариантында "Массалык маалымат каражаттарынын эркиндигин кыянаттык менен пайдалануу" деген берене калтырылган.

Бул сыяктуу термин мыйзамда бир нече жолу кездешет. Жумушчу топ жана Юстиция министрлиги "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде бул беренени алып салууну талап кылууда. Себеби, ченемдик укуктук актыларына өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү талап кылынса, башка ченемдик укуктук актыларга дагы өзгөртүүлөр киргизилиши керек. Буга байланыштуу мыйзам долбоорунун ушул беренеси боюнча "Укуктук ченемдик акты" долбоорун да даярдоо зарылдыгы келип чыгат.

ЖМКларга болгон кысым (44 статьи)
Актилек Капаров тергөө абагында колун кескилеп жатканын айтты
30 Май 2024, 14:58
Сот Kloop Mediaны жоюу чечимин чыгарды
10 Февраль 2024, 10:42
Камакка алынган 11 журналисттин жакындары акыйкатчыга даттанышты
26 Январь 2024, 12:49
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11069