17 жаштагы кыргызстандыктын өлүмү. Элчилик Россиянын министрлигине нота жөнөттү
RU

17 жаштагы кыргызстандыктын өлүмү. Элчилик Россиянын министрлигине нота жөнөттү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ушул жылдын март айында Москвада кыргыз жарандары бычакташып, анын кесепетинен 17 жаштагы бала алган жаракатынан уламокуя болгон жерде каза болгон. Дагы бир жигит ооруканага жаткырылган.

Бул факты боюнча (Россия Федерациясынын Тергөө комитетинин Москва облусунун Красногорск шаары боюнча тергөө бөлүмү тарабынан) Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренеси (Киши өлтүрүү) жана 30-берененин (эки же андан көп адамды өлтүрүүгө аракет кылуу) негизинде кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектелип кыргызстандык 4 жигит кармалган. Кылмыш ишинин алкагында 23-мартта А.у.К. аттуу шектүү камакка алынган. Жабырлануучунун көрсөтмөсүнө карабастан калгандары күбө катары сурак беришип, бошотулган.

Мындай аракет жабырлануучулардын жакындарынын нааразычылыгын жаратып, алар Кыргызстандын Башкы прокуратурасына жана Россиянын Тергөө кызматына кайрылуу жасашты.

Буга байланыштуу Кыргызстандын элчилиги Россиянын Тышкы иштер министрлигине жогоруда көрсөтүлгөн фактылар боюнча текшерүүлөрдү уюштурууга жана жүргүзүүгө көмөк көрсөтүү, кылмыш жасаган адамдарга карата чараларды көрүү өтүнүчү менен нота жөнөттү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11585