Москвада мекендештеринин колунан каза тапкан жигиттин сөөгү кичи мекенинде жерге берилди
RU

Москвада мекендештеринин колунан каза тапкан жигиттин сөөгү кичи мекенинде жерге берилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Москвада кыргыз жарандары бычакташып, анын кесепетинен 17 жаштагы бала окуя болгон жерде каза болгон. Дагы бир жигит ооруканага жаткырылганын ИИМден маалымдашкан.

26-мартта каза болгон баланын сөөгү кичи мекени Нарын облусунун Жумгал районундагы Кызыл-Жылдыз айылында жерге берилгенин жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Эске салсак, 22-мартта Подмосковный бульварындагы үйлөрдүн биринин жанында эс-учун жоготкон адамдар аныкталган. Жерине полиция кызматкерлери барышып, Кыргызстандын эки жаранын бычакталган абалда табышкан. Алардын бири Чүй облусунун Сокулук районунун тургуну - 2005-жылы туулган К. уулу А., ал окуя болгон жерде каза болгон. Экинчи жабырлануучу Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургуну - 2004-жылы туулган Х.Р. аймактык ооруканага жаткырылган.

Бул кылмышка шектелип кыргызстандык 4 жигит кармалган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11219