Москвада кыргызстандык жигиттер бычакташып, бири каза болгон. Шектүүлөр аныкталды
RU

Москвада кыргызстандык жигиттер бычакташып, бири каза болгон. Шектүүлөр аныкталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Москвада кыргыз жарандары бычакташып, бирөө каза тапты. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашып, шектүүлө кармалганын белгилешти.

Айтылгандай, 22-мартта таңкы саат 04:10 чамасында Россиянын Ички иштер министрлигинин Москва облусунун Красногорск району боюнча башкармалыгынын полиция бөлүмүнө билдирүү түшкөн. Анда Подмосковный бульварындагы үйлөрдүн биринин жанында эс-учун жоготкон адамдар жаткандыгы кабарланган.

Жерине барган полиция кызматкерлери Кыргызстандын эки жаранын бычакталган абалда табышкан. Алардын бири Чүй облусунун Сокулук районунун тургуну - 2005-жылы туулган К. уулу А., ал окуя болгон жерде каза болгондугу аныкталган. Экинчи жабырлануучу Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургуну - 2004-жылы туулган Х.Р. аймактык ооруканага жаткырылган.

Окуя болгон жерден камерадагы жазуулар каралып, айрым буюмдар алынган.

Бул факты боюнча (Россия Федерациясынын Тергөө комитетинин Москва облусунун Красногорск шаары боюнча тергөө бөлүмү тарабынан) Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренеси (Киши өлтүрүү) менен 30-105-беренесинин (эки же андан көп адамды өлтүрүүгө аракет кылуу) негизинде кылмыш иши козголгон.

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгү аталган өлкөнүн полиция кызматы менен бирдикте комплекстүү ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүшкөн.

Натыйжада 4 адам кармалып, полицияга жеткирилген. Алар 2003 жана 2002-жылы туулган Кыргыз Республикасынын жарандары болушат.

Ошондой эле алардан пневматикалык тапанча жана бычак табылып алынган. Алдын ала маалыматтар боюнча, кылмыш чырдан улам келип чыккан. Жакында сот шектүүлөрдүн баш коргоо чарасын тандайт дешет ИИМден.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11087