Активисттердин массалык кармалышы. Айрымдарына дагы эки айып тагылды
RU

Активисттердин массалык кармалышы. Айрымдарына дагы эки айып тагылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кемпир-Абад боюнча кармалган активист, саясатчы, журналисттерге дагы эки айып тагылды. Бул туурасында жактоочу Канат Хасанов Kaktus.media сайтына билдирди.

Айтымында, ИИМдин тергөө органдары кармалгандардын айрымдарына дагы эки берене - "Кылмышка даярдануу – массалык баш аламандык" жана "Кылмышка даярдануу – бийликти күч менен басып алуу" боюнча айып такты.

*****

Эске салсак, 23-октябрда опозиция саясатчылары, активисттер коомдук баш аламандыкты жаратууга шектелип кармалган. Андан бир күн мурун Кемпир-Абад суу сактагычын колдоо боюнча комитет түзүлгөн.

Бул иш боюнча айыпталгандар:

  • Мамбетжунус Абылов - үй камагында.
  • Акылбек Айтбаев - СИЗОдо.
  • Айданбек Акматов - СИЗОдо.
  • Нурлан Асанбеков - үй камагында.
  • Бектур Асанов - СИЗОдо.
  • Марат Баязов - СИЗОдо.
  • Атай Бейшенбек - СИЗОдо.
  • Азимбек Бекназаров - СИЗОдо.
  • Эрлан Бекчороев - СИЗОдо.
  • Айбек Бузурманкулов - СИЗОдо.
  • Гүлнара Журабаева - үй камагында.
  • Кеңешбек Дүйшебаев - СИЗОдо.
  • Равшан Жээнбеков - СИЗОдо.
  • Кубанычбек Кадыров - СИЗОдо.
  • Рита Карасартова - СИЗОдо.
  • Чыңгыз Капаров - үй камагында.
  • Таалайбек Мадеминов - үй камагында.
  • Улукбек Маматаев - үй камагында.
  • Темир Махмудов - СИЗОдо, 3-февралда кармалган.
  • Жеңиш Молдокматов - СИЗОдо.
  • Орозайым Нарматова - үй камагында.
  • Асия Сасыкбаева - үй камагында.
  • Клара Сооронкулова - үй камагында.
  • Перизат Суранова - үй камагында.
  • Али Шабдан - СИЗОдо, кошумча айып тагылган.
  • Илгиз Шаменов - СИЗОдо, жаңы айыптар тагылган.
  • Талант Эшалиев - башынан эле үй камагында.
Активисттер, саясатчылардын массалык кармалышы (57 статей)
Кемпир-Абад боюнча айыпталуучулардын камактагы мөөнөтү узартылды
30 Ноябрь 2023, 09:17
Вашингтондо кыргызстандыктар элчиликтин алдына митингге чыгышты. Сүрөт
26 Октябрь 2023, 09:48
Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын үчөө үй камагына чыкты
28 Август 2023, 13:11
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11838