844 млн сом компенсация. Тенгиз Бөлтүрүк зыяндын ордун кайсы каражаттын эсебинен толтурду?
RU

844 млн сом компенсация. Тенгиз Бөлтүрүк зыяндын ордун кайсы каражаттын эсебинен толтурду?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Башкы прокуратура "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомундагы коррупциялык иш боюнча Тенгиз Бөлтүрүк жана башка айыпталуучулар келтирилген зыяндын бир бөлүгүн толтуруп, өлкө бюджетине 844 миллион 512 миң сом төлөгөндүгүн билдирген.

Келтирилген зыяндын жарым-жартылай төлөнүшү Тенгиз Бөлтүрүктүн үй камагына чыуусуна мүмкүндүк берди.

Буга чейин Тенгиз Бөлтүрүктүн жубайы президентке ачык кат менен кайрылып, үй-бүлөнүн жашоого каражаты жок экенин, күйөөсүнүн айлыгы жок кыйналып жатканын айткан. Ал президенттен акчалай жардам берүүнү да суранган.

Мындай кайрылуулардын фонунда коомчулук Бөлтүрүктүн миллиондогон каражаттын ордун толтурганына таң калып: мындай каражатты кайдан алды деген суроолорун салышты?

Буга чейин Эсеп палатасы Бөлтүрүктүн Кумтөрдө убактылуу башкаруучу болуп тургандагы кирешеси тууралуу расмий маалымат берген. Аудиттин маалыматы боюнча, 2021-жылдын май айынан 2022-жылдын февраль айына чейин Тенгиз Бөлтүрүктүн сый акысынын жалпы суммасы 473,2 миң долларды түзсө, февраль айында сый акысын көбөйтүп, 2022-жылдын февраль айынан июнь айына чейин 319 миң долларга жакын акча алган. Жалпысынан Бөлтүрүк "Кумтор голд компанини" сырттан башкарып турганда болжол менен 792 000 доллар (азыркы курс боюнча 69 миллион сомго жакын) алганы айтылган.

Белгилей кетсек, Бөлтүрүк жана иш боюнча башка айыпталуучулар төлөгөн 844 миллион сом жалпы зыяндын 80%га жакынын түзөт. Тергөөнүн маалыматы боюнча, келтирилген зыян 1 миллиард 146 миллион 449 миң 161 сомду түзөт. Прокуратурадан Бөлтүрүк зыяндын кайсы бөлүгүн толуктаганын тактаган жок.

Бул боюнча Тенгиз Бөлтүрүктүн адвокаты Кайсын Абакиров Kaktus.media сайтына комментарий берген жок. Жактоочунун айтымында, ал эч кандай маалыматка ээ эмес жана анын кардары келтирилген зыянды кайсы каражаттан төлөгөнүнө кызыккан эмес. Ал ошондой эле Бөлтүрүк компенсацияны кандай формада: накталай же кыймылсыз мүлк жана башка мүлк түрүндө төлөгөнүнөн кабарсыз экенин айтты.

Башкы прокуратурадан Kaktus.media сайтына билдиришкендей, тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн "Кумтөр" иши боюнча келтирилген зыяндын ордун толтуруунун чоо-жайы ачыкталбайт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11982