Тенгиз Бөлтүрүк келтирилген зыяндын 80 пайызын (844 млн сом) мамлекетке кайтарды
RU

Тенгиз Бөлтүрүк келтирилген зыяндын 80 пайызын (844 млн сом) мамлекетке кайтарды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Тенгиз Бөлтүрүк тарабынан мамлекетке келтирилген зыяндын орду толукталып, 844 млн 512 миң сом казынага кайтарылды. Бул туурасында Башкы прокуратурадан кабарлашты.

Белгилесек, "Кумтөр Голд Компани" ишканасынын мурдагы тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүккө "Коррупция" беренеси боюнча иш козголгон. Тергөөнүн жүрүшүндө мамлекетке 1 млрд 146 млн 449 миң 161 сом зыян келтирилгендиги аныкталган.

Бүгүнкү күндө келтирилген зыяндын 80% жакыны, тактап айтканда, 844 млн 512 миң 858 сому Тенгиз Бөлтүрүк жана аны менен бирге кармалган айыпкерлерден өндүрүлүп, мамлекеттин казынасына кайтарылды дешет көзөмөл органдан.

Тенгиз Бөлтүрүктүн жактоочулары тарабынан Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгына үй камагына бошотуу тууралуу өтүнүч келип түшкөн.

Жогорудагыларды эске алуу менен 30-апрелде Октябрь райондук соту тарабынан Бөлтүрүктүн бөгөт коюу чарасы үй камагына өзгөртүлдү.

Азыркы учурда кылмыш иши боюнча тергөө аракеттери жана келтирилген зыяндын калган суммасын өндүрүүгө багытталган тийиштүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11943