Ошто акча алмаштыруучу жайдан 3,6 млн сомду карактагандар аныкталды
RU

Ошто акча алмаштыруучу жайдан 3,6 млн сомду карактагандар аныкталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош шаарында апрель айынын аягында акча алмаштыруучу жайлардын биринде тоноо фактысы катталган. Анда жалпы 3 млн 600 миң сом накталай акчаны бет капчан адамдар тоноп кетишкен.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан аталган кылмышка тиешеси бар топ аныкталып, мүчөлөрү кармалды. Бул туурасында Ош ШИИБден редакциябызга билдиришти.

Башкармалыктын маалыматына караганда, кылмыштуу топтун мүчөлөрү облус аймагында бир нече карактоо фактысын уюштурушкан.

Ошол эле 3,6 млн сомду тоноо, январь айында Кара-Суу районунун аймагында болгон куралдуу карактоо аракеттерин жасашкан. Топтун мүчөлөрү ар кайсы аймактардан, анын ичинде Жалал-Абад облусунан да крамалды. Далил буюмдар алынды.

Кошумча маалымат берилет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12201