Ошто белгисиз адамдар акча алмаштыруучу жайдан 3 млн сомдон ашык акча уурдашкан
RU

Ошто белгисиз адамдар акча алмаштыруучу жайдан 3 млн сомдон ашык акча уурдашкан

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош шаарында бет капчан адамдар акча алмаштыруучу жайды тоношту. Окуя 25-апрелде Курманжан Датка көчөсүндө орун алганын шаардык ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Милициянын маалыматы боюнча, 25-апрелде болжол менен саат 08:10 чамасында белгисиз эки киши тапанча менен акча алмаштыруучу жайга кирип барышкан.

Алар 1964-жылы туулган Х.Б. аттуу жумушчуга күч колдонуп, ур-токмокко алып, 3 600 000 сом накталай акча каражатын тартып алышкан. Андан соң сыртта күтүп турган Daewoo Nubira унаасына отуруп, изин жашырып кетишкен.

Жабырлануучу алдын ала 3 600 000 сом материалдык зыян тартып, андан тышкары денесинен жаракат алган. Ал Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын мээ хирургия бөлүмүнө кайрылган.

Бул факты боюнча 207-берене менен кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Учурда шектүүлөрдү аныктоого багытталган иштер аткарылууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11923