Кара-Сууда белгисиз адамдар Toyota Land Cruiser унаасын аткылашып, эки адам жабыркады
RU

Кара-Сууда белгисиз адамдар Toyota Land Cruiser унаасын аткылашып, эки адам жабыркады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош облусунун Кара-Суу районунда 27-январда белгисиз адамдар Toyota Land Cruiser 200 унаасын аткылашкан. Анын кесепетинен эки адам жаракат алганын Ош ОИИБдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Окуя саат 19:15 чамасында Кара-Суу районунун Нариман айыл аймагында орун алган. Анда белгисиз жарандар Mercedes-Benz Vito унаасы менен турак үйдүн короосуна киришкен. Аталган үйдүн жашоочулары Toyota Land Cruiser 200 унаасын айдап чыгып баратканда, аларга карата ок атышкан. Анын кесепетинен 32 жаштагы М.А. ич тарабынан жана 21 жаштагы Т.А. бутунан жаракат алышып, Ош шаардык ооруканасына жаткырылды.

Аталган факты боюнча 207-берененин негизинде (Каракчылык) кылмыш иши козголду.

Бул окуя боюнча Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмү тарабынан "Колго түшүрүү" жана "Чагылган" операциялары жарыяланып, кылмышка шектүүлөрдү кармоо боюнча ыкчам иш-чаралар башталды. Ошол эле күнү кечинде Mercedes-Benz Vito Ак-Буура дарыясы аркылуу өтүүчү көпүрөдө токтоп турган жеринен табылып, далил буюм катары Ош ОИИБдин короосуна токтотулду.

Учурда шектүүлөрдү кармоо боюнча ыкчам иш-чаралар улантылууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10107