Курсант Айза Улан кызынын өлүмү: Күбөнү көрсөтмөсүн өзгөртүүнү талап кылган адам кармалды
RU

Курсант Айза Улан кызынын өлүмү: Күбөнү көрсөтмөсүн өзгөртүүнү талап кылган адам кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаардык прокуратурасы автокырсыктан каза тапкан ИИМдин академиясын курсанты Айза Улан кызынын өлүмү боюнча кылмыш ишин тергөөнү улантууда. Анын алкагында күбөнүн көрсөтмөсүн өзгөртүүнү талап кылган жаран кармалды дешет Башкы прокуратурадан.

"Тергөөнүн алкагында М.Л.Ж. аттуу жаран күбө катары суракка алынып, учурда айыпталып жаткан У.Э.Н.нын автокырсыкка тийиштүүлүгү тууралуу олуттуу маалыматтарды билдирген. Андан кийин Р.у.Д. аттуу жаран М.Л.Ж.нын жеке маалыматтарын социалдык тармактарда таратуу жана каралоо менен коркутуп, ага жалган көрсөтмө берүүнү жана У.Э.Н.га каршы мурда берилген көрсөтмөлрдөн баш тартууну талап кылган".

Белгилей кетсек, Р.у.Д. аттуу жаран Айза Улан кызынын өлүмүндө айыпталып жаткан негизги айыпталуучу У.Э.Н.нын таанышы.

19-майга караган түнү Бишкек шаардык прокуратурасы жана Бишкек ШИИББдин ыкчам кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн тергөө-оперативдүү иш- чаралардын жыйынтыгында Р.у.Д. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

"Андан аркы тергөө-ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө Р.у.Д. аттуу жаран вебкам студияларынын уюштуруучусу экендиги аныкталган. Ал Бишкек шаарынын аймагында порнографиялык материалдарды таратууга байланышкан виртуалдык интим кызматтарын көрсөтүү үчүн кыздарды тартуу аркылуу мыйзамсыз иш жүргүзүп келгендиги такталды. Кечиктирилгис тергөө аракеттерин жүргүзүүдө далилдер табылды", - дешет прокуратурадан.

Учурда иштин бардык жагдайларынаны каттоо боюнча активдүү тергөө аракеттери жүрүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12371