Жол кырсыгынан каза тапкан Айза Улан кызынын окуясы. Негизги шектүү СИЗОго киргизилди
RU

Жол кырсыгынан каза тапкан Айза Улан кызынын окуясы. Негизги шектүү СИЗОго киргизилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Башкы прокуратурадан жол кырсыгынан каза тапкан ИИМ академиясынын курсанты Айза Улан кызынын өлүмүнө шектүү катары ата-бала кармалганын маалымдаган. Бүгүн, 13-майда иш Биринчи Май райондук сотунда каралып, анда негизги шектүү 2 айга камакка алынды.

Жабырлануучу тараптан Kaktus.kg сайтына билдиришкендей, райондук соттун чечими менен негизги шектүү У.Э.Н. 2 айга СИЗОго киргизилди.

Окуянын чоо-жайы:

24 жаштагы Айза Улан 9-январда жолдон өтүп бара жатканда айдоочу сүзүп, каза тапкан. Бул факты боюнча Бишкек ШИИББи тарабынан кылмыш иши козголуп, ички иштер органдарынын мурдагы кызматкери У.Н.А. кармалып, бирок саламаттыгына байланыштуу сот аны үй камагына чыгарган.

Бирок Айза Улан кызын сүзүп кеткен Toyota Runx унаасынын айдоочусу У.Э.Н. болгон. Ал жогоруда кармалган кишинин баласы, негизги шектүү.

Кийин Бишкек шаардык прокуратурасы аталган кылмыш ишти өз өндүрүшүнө алып, тергөө амалдарын жүргүзгөн.

Тергөөнүн жүрүшүндө ички иштер органдарынын мурдагы кызматкери, жазык сот өндүрүшүн жүргүзүү боюнча теориялык билими жана тажрыйбасы бар У.Н.А. баласынын бул кылмышка катыштыгын жашыруу максатында, оорусу жана майыптыгы анын камакта кармалышына алып келбестигин билип туруп, кылмышты өзү жасагандыгы тууралуу көрсөтмө берген. Муну менен уулун кылмыш жоопкерчилигине сактап калууга далалат кылгандыгы аныкталган.

У.Э.Н. жоопкерчиликтен качып, өлкөдөн мыйзамсыз чыгып кетүүгө аракеттенип жүргөндө прокуратура кызматкерлери тарабынан кармалды.

Учурда прокуратура тарабынан иш боюнча бардык жагдайларды аныктоо, кылмышка тиешеси бар адамдарды жоопкерчиликке тартууга багытталган активдүү тергөө аракеттери улантылууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12235