Автокырсыктан каза тапкан Айза Улан кызынын өлүмү. Айдоочу жана анын атасы кармалды
RU

Автокырсыктан каза тапкан Айза Улан кызынын өлүмү. Айдоочу жана анын атасы кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жол кырсыгынан каза тапкан ИИМ академиясынын курсанты Айза Улан кызынын өлүмүнө шектүү катары ата-бала кармалды. Бул туурасында Башкы прокуратурадан маалымдашат.

Айза Улан кызынын өлүмү боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында У.Э.Н. аттуу жаран кармалды. Ал курсантты сүзүп кеткен Toyota Runx унаасынын айдоочусу болгон жана окуя болгон жерден качып кеткен деген негизде башкы шектүү катары каралууда.

Белгилесек, автокырсык боюнча Бишкек ШИИББи тарабынан кылмыш иши козголуп, ички иштер органдарынын мурдагы кызматкери - шектүүнүн атасы У.Н.А. кармалып, бирок саламаттыгына байланыштуу сот аны үй камагына чыгарган.

Кийин Бишкек шаардык прокуратурасы аталган кылмыш ишти өз өндүрүшүнө алып, тергөө амалдарын жүргүзгөн.

Тергөөнүн жүрүшүндө ички иштер органдарынын мурдагы кызматкери, жазык сот өндүрүшүн жүргүзүү боюнча теориялык билими жана тажрыйбасы бар У.Н.А. баласынын бул кылмышка катыштыгын жашыруу максатында, оорусу жана майыптыгы анын камакта кармалышына алып келбестигин билип туруп, кылмышты өзү жасагандыгы тууралуу көрсөтмө берген. Муну менен уулун кылмыш жоопкерчилигине сактап калууга далалат кылгандыгы аныкталган.

Жоопкерчиликтен качып, өлкөдөн мыйзамсыз чыгып кетүүгө аракеттенген негизги шектүү У.Э.Н. тергөө иш-чараларынын натыйжасында прокуратура кызматкерлери тарабынан кармалып, Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда прокуратура тарабынан иш боюнча бардык жагдайларды аныктоо, кылмышка тиешеси бар адамдарды жоопкерчиликке тартууга багытталган активдүү тергөө аракеттери улантылууда.

Айза Улан кызынын жакындары эртең, 13-майда соттук отурум болорун редакциябызга билдиришти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12221