Эмилбек Каптагаев Акаевдердин келиши боюнча: Бул элдин бетине кош түкүргөнгө барабар
RU

Эмилбек Каптагаев Акаевдердин келиши боюнча: Бул элдин бетине кош түкүргөнгө барабар

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

КР Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун экс-директору Эмилбек Каптагаев биринчи президент Аскар Акаевдин жана анын жубайы Майрам Акаева менен өлкөгө кайтып келишин элдин бетине түкүргөн түкүрүк катары баалоо керек деп эсептейт. Ошол эле учурда ал Аскар Акаевге каршы кылмыш ишин эскирүү мөөнөтү аяктагандан кийин сот иштери жабылганы менен биринчи президент дагы эле күнөөлүү деп билет.

"Акаевде тап такыр бет деген жок экен...

Аксыдагы кыргынды Бакиевге шылтап кутулумуш болду эле, кийин Кумтөрдү болсо көзү өтүп кеткен бечара Танаев менен өз уулу Айдарга шылтап жиберди, билбей калыптырмын деп...алардын арбактарын сала берип...

Мөөнөтү өтүп кетти деген шылтоо менен сот жообуна тартылбайт деген күнөөсү жок дегенди билдирбейт... Күнөөлүү... күнөөсү опол тоодой эл алдында...

Анан ошого шүгүр деп ошол жакта тымпыйып отура бербей бетин таптакыр сыйрып таштап аялын колтуктап алып эдиреңдеп кайра жетип келгени элдин бетине эки эселеп жаба түкүргөнгө тете эле жорук...

Мунун менен "колуңдан келишинче ичип-же, кырганын кырып сал, башка түшсө качып кетип он-он беш жылдан кийин кайра келип жыргап жүрө бересиң" - деген философиянын бышыктап жатабыз го дейм...

Ии баса... Илимдер академиясы менен политехникалык университетте лекция окуйт имиш. Акаев бетти тултуйтуп барып окуйм десе дагы кайсы бети жок окумуштуу педагогдор барып угат лекциясын, анан дагы студенттерди мажбурлап алып барыштары дагы мүмкүн... Баргандардын тизмеси дагы элге жарыя болуусу керек...билсин коомчулук аларды дагы", - деп жазды Каптагаев социалдык тармактардагы баракчасына.

Эске сала кетсек, Аскар менен Майрам Акаевдер акыркы эки күндөн бери Бишкекте жүрүшөт. Ага чейин Таласта болушкан. Колдо болгон маалыматтарга караганда, биринчи президент Бишкекке Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде (Политех) жана Улуттук илимдер академиясында лекция окуу үчүн келген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12402