Ак жол! Мектептерде акыркы коңгуроо 70 миңге жакын бүтүрүүчү үчүн жаңырды
RU

Ак жол! Мектептерде акыркы коңгуроо 70 миңге жакын бүтүрүүчү үчүн жаңырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 25-майда республика боюнча бардык мектептерде акыркы коңгуроо кагылды.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы боюнча, быйыл жалпы 9-11-класстарды 180 миңден ашуун улан-кыз аяктады. Алардын 70 миңге жакыны 11-класстын бүтүрүүчүлөрү.

Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев жалпы бүтүрүүчүлөрдү куттуктады.

"Акыркы коңгуроо – бул баарыбыз үчүн өзгөчө күн. Ушул күнү бүтүрүүчүлөр жаңы турмуштун сапарына аттанышат. Сиздердин алдыңыздарда өзгөчө дүйнө ачылып жатат. Эң негизгиси, алдыга умтулуудан коркпоңуздар, өзүңүздөрдүн күчүңүздөргө ишениңиздер. Ар бириңиздерде ийгиликтин ачкычы боло турган кайталангыс талантыңыздар жана жөндөмүңүздөр бар экендигин унутпаңыздар.

Кайсы жолду тандабаңыздар, сиздер жалгыз эмес экениңиздерди унутпаңыздар. Үй-бүлөңүздөр, досторуңуздар, мугалимдериңиздер сиздерди ар дайым колдойт.

Биздин өлкөнүн келечеги ар бирибизден көз каранды экенин эсиңиздерден чыгарбаңыздар.

Сиздер үчүн бардык жолдор ачык, келечекти туура тандооңуздарды каалайм! Келечек сиздердин колуңуздарда, өлкөнүн өнүгүүсүнө салымыңыздарды кошуңуздар.

Эмгекчил болуңуздар! Даңк, ийгилик карандай мээнет менен гана келет. Ар бир бүтүрүүчү өз өлкөсүнүн билимдүү, маданияттуу атуулу болууга милдеттүү.

Кымбаттуу достор, сиздердин өз кесибиңиздерди туура тандооңуздарга, ата-энелериңиздер, мектебиңиздер, мугалимдериңиздер, дегеле жалпы элибиз сыймыктанган уул-кыздарынан болушуңуздарга тилектешмин", -

деп айтылат министрдин куттуктоосунда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12510