Акыркы коңгуроо күнү балаңызга унааңызды бербеңиз! ЖКККББ ата-энелерге кайрылды
RU

Акыркы коңгуроо күнү балаңызга унааңызды бербеңиз! ЖКККББ ата-энелерге кайрылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы бүтүрүүчүлөрдүн ата-энелерине акыркы коңгуроо күнү – 25-майда балдарга унаа бербөө өтүнүчү менен кайрылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Башкармалык жыл сайын бул күнү мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн катышуусундагы кырсыктар көп катталарын белгиледи. Акыркы беш жылда мындай кырсыктардын көбү 2021-жылы болгон – анда бүтүрүүчүлөр катышкан 29 жол кырсыгы катталган. 2022-жылы 17 жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен өспүрүмдөр жапа чеккен. Алардын арасында өлүмгө алып келген учурлар да бар.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы ата-энелерди бүтүрүүчүлөрдү кароосуз калтырбоого, аларга уруксатсыз жана укугу жок унааларды бербөөгө, ошондой эле бүтүрүүчүлөрдү бейбаштыкка жол бербөөгө чакырат.

Башкармалык ошондой эле азыркы эрежелерге ылайык, мас абалында унаа айдаган айдоочу бир жылга унаа башкаруу укугунан ажыратыларын эске салды. Эгерде айдоочунун унаа башкарууга укугу жок болсо, ага 15 миң сом айып салынып, унаа айып жайга киргизилет.

Башкы сүрөт: иллюстрациялык

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12478