Бүтүрүү кечеси жана мамлекеттик экзамендер. Ата-энелер балдарына канча акча коротот?
RU

Бүтүрүү кечеси жана мамлекеттик экзамендер. Ата-энелер балдарына канча акча коротот?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ар бир жаңы министр жана президент бийик трибуналардан мектептердеги акча чогултмайларды жоюуга убада беришет, бирок абал өзгөрбөй келет. Мектептеги ремонт иштеринен тартып, кеңсе буюмдарына чейин ата-энелер төлөйт. Ал эми мамлекеттик экзамендер жана бүтүрүү кечелери жакындаган сайын бул чыгымдар көбөйөт.

Муну №19 мектептеги чыгашалардын тизмеси тастыктап турат. Ата-энелер бүтүрүү экзамендерине көп суммадагы каражат кеткенине нааразы. Мэрия дагы бул маселе ата-энелердин өздөрүнүн демилгеси менен чечилип жатканын, мугалимдер менен мектеп жетекчилигинин бул акча чогултууга тиешеси жок экенин билдирген.

Kaktus.media Чүй облусундагы айылдардын бириндеги мектептин 11-классынын класс жетекчиси менен маектешти. Ал мамлекеттик экзамендерге чыгашалардын тизмеси кантип түзүлөрүн айтып берди. Айтымында, көптөгөн мектептерде тизме стандарттуу, бирок төлөмдөрдүн өлчөмү мекеменин статусуна жараша болот. Негизи айылдык мектептерде тизме минималдуу. Көп нерсе бүтүрүүчү класстардын санына да көз каранды: канчалык көп класс мектепти аяктаса, ар бир ата-эне ошончолук аз каражат сарптайт.

Канцелярдык товарлар

"А4 кагазы, калемдер, дептерлер, папкалар, кагаздар үчүн файлдар - бул милдеттүү чыгымдар. Анткени экзамендерге мектептен да, бюджеттен да акча бөлүнбөйт. Негизи окуучулар калем жана дептерлерди экзаменге өздөрү эле үйлөрүнөн алып келишсе болот бирок, тилекке каршы, баары эле жоопкерчиликтүү эмес: кээ бирөөлөр унутуп же башка дептерлерди жана калемдерди ар кандай сыя менен алып келишет".

Кагаздары үчүн техника

"Мамлекеттик экзамен учурунда ар кандай документтердин, тизмелердин, кагаздардын басып чыгаруулары көп болот. Мисалы, суроолор жазылган билеттер. Ошондуктан принтер сыясы өзүнчө сатып алынат.

Ата-энелер суроо бериши мүмкүн: Кантсе да, мектеп ата-энелер фондунан чогулган акчага жабдууларды, инвентарларды сатып алып жатат деп. Бирок ал жабдуулар окуу жылынын башынан аягына чейин колдонулган үчүн экзамендерге жаңы керектелет. Кээ бир учурларда мектепте бул жабдыктар жок болсо же жакшы иштебей калса, аларды ижарага алуу оңойго турат".

Класстын жасалгасы

"Бул ата-энелердин дайыма нааразы бол турган темасы. Көптөгөн адамдар эмне үчүн ушунча чыгым болуп жатат деп таң калышат. Алар кандайдыр бир деңгээлде туура болот, анткени экзамендерди өткөрүүдө катуу талаптар жана стандарттар жок. Албетте, тасмалсыз жана гүлдөрсүз экзамен өткөрсө болот. Болгону, көп жылдар бою ушундай бейформал салт калыптанып, класстын жана партанын абалы начар болгону үчүн аларды ар тараптан кооздош керек деген ой калыптанып калган. Скатерть болбосо сынган же эски парталарды кантип жашырыш керек? Ата-энелерде суроо жаралышы мүмкүн: алынган тасмалдар эмне болот? Алар мектептеги башка иш-чараларда деле колдонулат.

Дагы бир талап - гүлдөр. Бул дагы 1-сентябрдагы мугалимге гүл сыяктуу мектеп салтынын бир бөлүгү жана бул салт совет доорунан бери уланып келет. Ата-энелер деле өз убагында гүлдесте менен экзамендерге кантип барышканын унута элек болсо керек. Болгону мурда өз бакчабыздан эле үзүп алган болсок, азыркылар класс менен бир нече гүлдестелерди сатып ала башташты".

Мектепти жасалгалоо, акыркы коңгуроо

"Акыркы коңгуроого шарларды, бүтүрүүчүлөр үчүн төш ленталарды сатып алышат, мугалимдерге гүл беришет – мунун баары мектептерде салтка айланып калган. Алардын барын уюштуруучу комитети жасайт. Ал топко ата-энелер дагы, мектеп мугалимдери дагы кирет.

Концерттик программа айрым чыгымдарды талап кылышы мүмкүн. Мисалы бүтүрүүчүлөр бий номерин тартуулагысы келсе, ал эми мектептин өзүнүн хореографы, же музыка мугалими жок болсо, анда бул номерди коё турган адамды жалдаш керек, бул дагы кошумча акча. Негизи бүтүрүүчүлөр канчалык көп болсо каржылык жүк ошончолук азаят"

Иш кагаздары

"Бул маселеде Билим берүү министрлиги мугалимдерди жаман көргөзүп жатат. Министрлик аттестаттарды бекер берүү керектигин айтып, ошол эле учурда аларды каттоого кеткен чыгымдарга көз жумуп коёт. Мындан улам мугалимдердин дарегине негизсиз сындар көп айтылууда. Чындыгында сертификаттарды толтуруу мугалимдердин функционалдык милдеттерине кирбейт, бирок мектеп секретарларына мындай жоопту ишти тапшырып, аларга ишенүүгө болбойт.

Сертификаттарды толтуруу жакшы сапаттагы сыя менен жакшы калемдерди, көп убакытты талап кылат, эң негизгиси мамлекеттик документти толтуруу үчүн жоопкерчиликтүү болуу керек. Мугалимдер бир эмес, бир нече жолу мектептен басмаканага барып келүүсүнө, транспорттук чыгымдарга бир топ каражат сарпталат. Мугалимдер бул чыгымдарды дайыма эле өз чөнтөгүнөн төлөй албайт. Ошондуктан ишке кошумча акы төлөө туура деп ойлойм".

Мугалимдерге белектер, бүтүрүү кечеси

"Мындан 10-15 жыл мурда бүтүрүү кечелери кадимки тартипте өтүп келсе, азыр көп мектептер бул майрамдан баш тартып жатышат. Билим берүү министрлигинин чоң иши, жылдан жылга тыюу салуу күчөп келе жатат. Албетте, баары эле талаптарды аткара коюшкан жок, бирок бара-бара ата-энелер жана бүтүрүүчүлөр көнүп калышат деп ойлойм. Мындай талаптарга нааразы болгон ата-энелер да аз эмес. Алар "уул-кызыбыз биринчи жолу мектепти аяктап жатса, балдарыбыз көптөн күткөн жалгыз мектепти бүтүрүү кечесин кантип уюштурбай коёбуз?", - дешет.

Мугалимдерге белек берүү да талаштуу маселе. Кимдир-бирөө бул ашыкча дейт, а экинчилери баласына билим, табрия берген мугалимге эмгеги үчүн ыраазычылык билдиргиси келет. Бул да ата-эненин эрки".

Бүтүрүүчүлөр жана мугалимдер үчүн тамак

"Бул сөзсүз аткарылууга тийиш болгон шарт эмес, негизи тамак уюштурбай деле койсо болот. Көптөгөн ата-энелер "эмне үчүн балдар экзамен учурунда тамактанышы керек, алар түшкү тамаксыз жарым күн мектепте деле жүрүшпөйбү?", - деши мүмкүн. Бирок, кадимки сабак менен экзамен күнүн алмаштырбоо керек. Экзамен тапшырып жаткан окуучулар стресске дуушар болушат, ошондуктан алар үчүн эң ыңгайлуу шарттарды түзүү маанилүү.

Мугалимдер үчүн түшкү тамакты уюштуруунун деле кереги жок. Ал деле ар кимдин өз эрки. Бирок бул деле жакшы жышаан. Себеби, мугалимдер да адам эмеспи, алар эртең мененки саат 6-7ге чейин мектепке келип, экзаменге баарын даярдап, бүткөндөн кийин ишти текшерүү үчүн калышат. Бүтүрүүчүлөр үчүн түшкү тамак уюштурулса, анда мугалимдерди ачка калтырууга болбойт деген логика бар. Мисалы бир мектепте сэндвич менен кичинекей кофе-брейк уюштурулса, башкасында кафеге алып барышы мүмкүн. Бирок кантип, эмне менен тамактанарын ата-энелер комитети чечет".

Жыйынтык

"Концелярдык товарларга, экзамендерге классты жасалгалоого (гүл, дасторкон) жана акыркы коңгуроо (шарлар, ленталар ж.б.) жалпы иш кагаздарына биздин класс 500 сомдон чогултат. Ал эми бүтүрүүчүлөр үчүн түшкү тамак, бүтүрүү кечеси жана мугалимдерге белек сындуу маселени ата-энелер өздөрү чечет, ал каражаттын көлөмү бизге белгисиз.

Мектепти аяктоо кечесине канча чогултуу жана кандай масштабда майрамдоо мектептин статусуна жана ата-энелердин каалоосуна жараша болот. Мисалы бир мектепте 500 сомдон, экинчилери керек болсо 5000 сомдон чогултушат. Менимче бул маселеде ата-энелер активдүү позицияны ээлеп, тараптар акылга сыярлык чечимге келгенге чейин өздөрүнүн каалоосун коргош керек.

Акча чогултууга ачуусу келген ата-энелерди түшүнөм. Кандайдыр бир жагынан алардыкы туура, анткени мектепте ата-энелер бардыгы үчүн төлөшү керек болуп жатат. Чындыгында азыр мектепте партага отуруп алып мугалимдин айтканын гана бекер уга аласыз. Окуучулар доскага жазган бордон баштап, жер шарын изилдеп жаткан картага чейин ата-энелер сатып алууга туура келүүдө. Биздин бийлик кандайдыр бир чечим кабыл алып, пол жууганга чүпүрөктөн тартып, оңдоп-түзөө сыяктуу иштердин барына акча чогултуу сыяктуу мугалимге кереги жок иштерден куткарып алышын каалайт элем".

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12432